Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ХХI КЫЛЫМ ОЙ ТҮРМӨГҮ


Көчкөн Сактанов, Бишкек Учурда кыргыз кино кереметин тараткандардын бири кинорежиссер Бакыт Карагулов. Азыркы учурда кандай кино тасмаларды тартып жатат. «Кыргызфильмдин» акыбалы кандай? Кандай даректүү тасмалар тартылууда? Кабарчыбыз Көчкөн Сактанов кинорежиссер Бакыт Карагулов менен аңгемелешкен.

- Бакыт мырза азыр кандай фильмдин үстүндө иштеп атасыз?

- Эки көркөм жана бир топ документ фильмдер сүрөөнчүлөрдүн эсебинен тартылды. Мисалы, Европаны кыдырып көрүп атабыз, ал жерде мамлекеттик колдоо деген жок. Муктар Ауэзовдун бир айтканы бар экен: «Карышкыр канчалык ачка болсо, ошончолук көзү курч көрөт» деп. Ошонун сыңары канчалык кыйналып, чуркап жүрүп чыгарма жараткандын өзү деле чоң жетишкендиктердин бири. Ошол акча берген кишилерге дагы жакшы. Алар ынангандай, жогорку деңгээлдеги кино жаратсак сүрөөнчүлөр каражаттарын аябайт.

- Ошол азаматтар кимдер?

- Мен бул жерде Садыр Курманкожоев, Тургунбек Кулмурзаевди биринчи кыргыз меценаттары деп айтар элем. Алар биринчилерден болуп чоң-чоң картиналарды өз каражаттары менен тарттырышты. Бул баягы «Кылым карытаар күн» менен «Саманчынын жолу» картинасы.

- Бара-бара мындай азаматтар көбөйүшү мүмкүнбү?

- Мен ойлойм, андай мезгил келет. Абайдын бир ыры бар экен, «Адашкан күшүк шекилди, улут-журтка кайткан го» деп. Чыгармачылыктын катаал, кыйын мезгилине жакшы меценаттар дагы келет. Каражатты кыйналып өз мээнетинин акыбети менен таап, аны руханий дүйнө үчүн жумшашса, өздөрү үчүн акыбети кайтат деп ойлойм. Бул эки меценат кыргыз эли, кыргыз маданияты үчүн чоң иш кылышты.

- Бакыт мырза, азыр чыгармачылык эмгек үстүндө иштеп атасыз. Ал эмгегиңиз качан бүтөт?

- Азыркы фильм үчүн Ч.Айтматовдун «Кылым карытаар күн» романындагы «Манкурт притчасын» алдык. Ушуну 6-7 жылдан бери даярдап келе жатабыз, «Бороондуу бекеттен» кийин ошону баштадык эле. Бул фильмди «Айтматов фондунун» каражаты менен баштаганбыз, азыр каражатка байланыштуу кармалып атат. Манкуртчулукту биз 73 жылдан ашык башыбыздан кечирдик. Өзүңүз билгендей, Ч.Айтматов өзүнүн атасына топурак таштай албай калган. Жанагы новеллада өзүнүн энесин атса, биз аталарыбызды көмбөй калдык, ыйык нерселерден качып, өзүбүздүн көлөкөдөн көрүп, «ур барабан, тарт сурнай» менен жашап келдик.

- «Кыргызфильмдин» азыркы акыбалы кандай?

- Эми азыр «Кыргызфильм» мурункуга караганда акырындап ирденип келатат. Себеби мамлекеттик бюджет 1,5 процент бөлүп берүүгө чечим чыгарды. Бул жагынан өкмөтүбүз чоң иш жасап атат. Быйыл үч көркөм фильм - «Дөмөнбай», «Айыл өкмөтү», «Таксист» тартылмакчы.

- Документ фильмдердин абалы кандай?

- Жаман эмес. Жакында эле Марат Сары уулу эки фильм - «Бир боорум, Жибек жол» жана «Учуу» деген фильмдери менен Франция жана Америкадан алтын медаль алып келди. Бул чоң жеңиш деп ойлойм.

- Келечек пландар кандай?

- Комедия тартсам деп ойлойм. Биз өзүбүздүн кемчилигибизди айтып күлүшүбүз керек. Грузиндердин улуулугу ушунда, өздөрүнүн кемчилигин өздөрү айтып күлөт. Ушуну менен улуттук колоритти көтөрүп чыгышат. А биз болсо шылдыңдоо деп билебиз. Өзүбүздүн кемчилигибизге өзүбүз күлсөк бул баатырдык деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG