Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

СОГУШТАН КИЙИНКИ ИРАКТЫН ЖАКЫНКЫ БОЛОЧОКТОГУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Иракта майдын этегинде - июнь айынын башында утурумдук өкмөт түзүү болжолдонуп жатат. АКШ болсо андан аркы баскычка, атап айтканда, Иракта жалпы улуттук шайлоо өткөрүүгө азыртадан эле кам көрө баштады. Арийне, адистер бул жараян көпкө созулаарын жана оңой болбой турганын бир добуштан белгилешүүдө. Өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө болсо Ирактын чет мамлекеттердеги тоңдурулган эсептери пайдаланылмакчы.

АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн айтымында, соңку чечим боюнча Ирак үч чөлкөмгө бөлүнүп, негизги жоопкерчилик Америка, Британия жана Польшага жүктөлмөкчү. Башка мамлекеттердин аскерлери болсо тынчтыкты камсыз кылуу иштерине тартылмакчы. Атын атабоону каалаган америкалык өкүл, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Иракты турукташтыруу иштеринде чектелген гана роль ойноорун белгиледи. Атап айтканда, БУУ качкындар иши өңдүү гуманитардык маселелер менен алектенет.

Анын аралыгында, америкалык дипломат Пол Бремер утурумдук акимиятта Иракты калыбына келтирүү иштерине жетекчилик кылуучу атуулдук башкаруучу болуп дайындалды. АКШнын басма сөзүндө маалымдалгандай, азыркы жетекчи, отставкадагы генерал Жэй Гранер Пол Бремерге баш ийет.

Белгилүү болгондой, АКШ аскерлери Иракта эркин шайлоо өткөрүп, жаңы өкмөт түзгөнгө чейин өлкөдө кала бермекчи.

Ал эми шайлоо өткөрүү багытындагы алгачкы кадам апрель айында жасалды. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) жергиликтүү башкаруу системасын өркүндөтүүгө жардам катары 7,9 миллион доллар чегерди.

Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонддун президенти Ричард Судриеттин ырастоосунда, Иракта жалпы шайлоо өткөрүү камылгаларын жүргүзүү үчүн бери дегенде 2 жыл талап кылынат. “Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, жергиликтүү калктын ишенимине арзыган система куруу – эң негизги маселе экенин айта алабыз”, - дейт Судриет.

АКШ президенти Жорж Буш Ирак эли өз келечегин өзү тандайт деп жакында дагы бир жолу баса белгиледи:

- Америка өзүнүн башкаруучулук формасын же өзүнүн маданиятын Ирак элине таңуулабайт. Биз тек гана жаңы өкмөт курууда бардык ирактыктардын пикири эске алынып, ар биринин укуктары урматталсын деген принциптин сакталышын камсыз кылабыз.

Кошмо Штаттар Ирак өкмөтүн түзүүдө Ооган тажрыйбасы эң башкы өрнөк болоорун белгилейт.

Көпчүлүк адистер Иракта эң башынан демократиялык салт жок болгондугуна байланыштуу, жаңы өкмөт түзүү жана эркин шайлоо өткөрүү жараяндары кечеңдеп кетиши ыктымал дешүүдө. Андан тышкары, суннийлер, шийилер, күрттөр жана башка топтордун өз ара атаандаштыгы да демократиялык өнүгүүлөргө өз изин калтыраары түшүнүктүү.

Карнеги корунун өкүлү Дэниел Брумбергдин пикиринде, демократиялык түзүлүштү орнотуу боюнча иш-аракеттер жарып-бөлүнүүгө кошумча өбөлгө түзөт деген да коркунучу жок эмес. Анткени, бир этностук же диний топ саясий көзөмөл алууга жетишсе, башкалары, албетте, аны колдобой, тескерисинче, анын реформаларына бут тосо баштайт. “Ошондуктан, федерализм формасы Ирак үчүн эң ылайыктуу болмокчу”, - деп эсептейт Брумберг. Анда ар бир фракция өзүнүн аймагын көзөмөлдөп, улуттук өкмөттө болсо - бийлик тең бөлүштүрүлөт.

Ал эми экономикага келсек, жаңы өкмөт, каржы тармагын алганда, жергиликтүү экономист Хумам Шамаа айткандай, өз ишин минус нөлдөн баштай турган абалда. Анткени Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийинки талап-тоноолор маалында өлкөнүн борбордук банкы башка мамлекеттик эки банк сыяктуу эле каракталган. АКШнын расмий өкүлдөрүнүн божомолуна караганда, банк казынасынан 400 миллион долларга жакын акча уурдалып кеткен. Атуулдук иштерге тартылган кызматкерлерге маяналарын төлөп берүү үчүн Ирактын чет жерлердеги тоңдурулуп турган эсептери пайдаланылмакчы. Бул максатта Ирактагы Гуманитардык жардам жана реконструкция боюнча кеңсе АКШ банктарындагы 1,7 миллиард доллар өлчөмүндөгү акча каражатына кайрадан Ирак каржы корлорун ачат.

Азырынча ар бир кызматкерге 20 доллардан маяна төлөнүп турмакчы. Мамлекеттик кызматкерлер туруктуу жалыйна алып турушат. Бирок алардын саны так белгисиз. Саддамдын учурунда бул көрсөткүч мамлекеттик сырга тете маалыматтардан болуп эсептелчү. Аны компьютер аркылуу да билүүгө мүмкүнчүлүк жок, анткени мамлекеттик имараттар да талоонго учурап, бардык жабдыктар, анын ичинде компьютерлер, уурдалып кеткен.

Ирактык экономист Хумам Шамаанын маалыматына ылайык, өнөр жай коопсуздук менен электркубатынын жоктугунан улам токтоп турат. Айыл чарба тармагы ишин улантууда, бирок электркубат проблемалары ага да залакасын тийгизүүдө. Байланыш начар болгондуктан, өндүрүлгүн айыл чарба заттары кымбаттап кетти. “Натыйжада, керектөө менен соода деңгээлинин кескин төмөндөөсүнө күбө болуудабыз”, - дейт экономист Шамаа.
XS
SM
MD
LG