Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Султанаалы Арстанбек, Бишкек Бурана эстелик жайы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан. Бурана шаар урандылары толук изилдене элек. Өз кезинде ал Караханид мамлекетинин шаарларынын бири болгон дешет.

Бүгүнкү күнгө чейин кооз курулушу менен зияратчыларды таңдандырган, илимпоздордун кызыгуусун туудурган Кыргызстандагы тарыхый эстелик жайлардын бири - Баласагын шаар чалдыбары, же болбосо Бурана мунарасы. Археологиялык казуулардын чордонуна айланган Бурана архитектуралык эстелик жайы Токмок шаарынын түштүк тарабында 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өз кезегинде Караханид мамлекетинин башкалааларынын бири болгон Баласагын шаары Х кылымга чейин эле элдүү, соода-сатыктуу, карым-катыштардын чордону катары эсептелип, Х-ХIII-кылымдарда, тагыраак айтканда 940-жылдан 1212-жылга чейин өкүмдарлык кылган эл башчылардын энчилүү жайы болгондуктан, алака-мамилелер гана эмес, илим-билимдин да очогу болгондугун археологдор, тарыхчылар тастыкташкан. Баласагын шаар чалдыбары тууралуу Кыргыз улуттук университетинин профессору, археолог Кубат Табылдиев мындай дейт:

- Биз Бурана шаар урандысынын археологиясы толук изилденди деп айта албайбыз. Мындагы изилдөөлөр келечекте да илим үчүн көп жаңылыктарды алып келет. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин чогулган маалыматтар ошол жерде жашаган калктын материалдык маданияты кыйла жогорку деңгээлде өнүккөнүн айкын далилдеп турат.

Өткөн тарыхтын тамырында ата-бабаларыбыздын турмуш-тиричилигин чагылдырган не деген маалыматтар катылып жатат. Балким ушул бүгүнкү күндө колубузда турган тарыхый баяндардын көпчүлүгү келечекте кайрадан тереңдетилип иликтенээр. Башкасын айтпаганда да, ушул азыр урандыга айланган шаар, бүгүнкү урпактары сыймык менен көтөрүп жүргөн «Кут алчу билим» деген эмгекти 1069-70-жылдары жазган Баласагындык Жусуптун киндик каны тамган мекени болгон. Ал ушул калаа гүлдөп турган мезгилде жарык дүйнөгө келген. Ушунун өзү кезегинде бул жерде кандай илим, өнөр бийиктиги өкүм сүргөндүгүн билдирет. Шаардын жалпы аянты, илимпоздордун тастыктоосу боюнча, 25, 30 чарчы километрди түзүп, ХV-кылымдарга чейин шаар катары тургандыгы айтылат. Ал эми баалуу тарыхый мурас болгон Бурана мунарасынын жалпы бийиктиги - 21,6 метр, сегиз бурчтуу пайдубалынын бийиктиги - 3 м. 75 см. Пайдубалдан жогорулаган жумуру дубалдын таман жагынын диаметри 8 м. 85 см. болсо, кууштап барып чокусунун диаметри 5 м. 90 см. барабар. Бул мунара азан чакырчу жай, ошондой эле кароол чоку катары пайдаланылган деген маалыматтар бар.
XS
SM
MD
LG