Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Эртең Бишкекте Кыргызстандын Конституциясынын 10 жылдыгы белгиленет


БИШКЕК. Эртең Бишкекте Кыргызстандын Башмыйзамынын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өтөт. Жыйынга президент Аскар Акаев, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин, 93-жылы 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алып, «легендарлуу» деген аталыш менен белгилүү болуп калган парламенттин, өлкөдөгү саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Анда кыргыз Конституциясынын жүзөгө ашырылышы, ошонун негизинде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык багыттагы реформалар, адам укуктарынын сакталышы, Кыргызстанда жарандык коомду куруудагы ийгиликтер жана кыйнчылыктар жөнүндө сөз болуп, докладдар окулат. Ал эми бүрсүгүнү Кыргыз улуттук университетинде Конституциянын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт. Ага Орусиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG