Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүчү жөөт делегациясын өзү жетектөөгө ниеттенип жатат


Ариэль Шарон палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен байланыш түзүп,"Жол картасы" деп аталган жаңы тынчтык планына ылайык өтүүчү сүйлөшүүлөргө өзү жетекчилик кылууга ниеттенип жатканын Израил радиосу кабарлады. Эки тараптан өкмөт башчыларынын жолугушуусу тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн маанилүү экенин палестин премьери Махмуд Аббас да белгиледи. Бүгүн Израилге келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Бернстун билдиргенине караганда,жөөт тарабы палестиндер зордук-зомбулуктан баш тартышы үчүн аларга каршы аскер күчүн колдонууну азайтыш керек. Келерки аптанын соңунда Израилге иш сапары менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келээри күтүлүүдө. АКШ президенти Жорж Буш "Жол картасы" планын кечээ Египеттин президенти Хосни Мубарак, Йорданиянын падышасы Абдалла менен телефон сүйлөшүүсүндө талкуулаган. Жаңы планда 2005-жылдын соңунда Палестин мамлекетин түзүү белгиленген.

XS
SM
MD
LG