Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Орусиянын космос кемеси орусиялык жана америкалык үч космонавты Жерге алып келди


"Союз ТМА –1" космос кемеси Жерге Казакстандын аймагында конду. Бирок жерге түшүрүүчү аппарат белгиленген аймактан 400 чакырымдан ашуун алыс түшүп, космонавттар менен радиобайланыш үзүлгөндүктөн, аларды эки саатча издөөгө туура келди. Орусиялык космонавт Николай Бударин менен америкалык астронавт Кеннет Бауэрсокстун саламаттыгы дурус, ал эми америкалык экинчи астронавт Дональд Петит өз алдынча жакшы баса алган жок.Американын "Колумбия" космос кемеси февраль айында кырсыкка учураганына байланыштуу алар космосто мурда планданган мөөнөттөн эки айга көп жүрүштү. Кырсыктан кийин АКШнын "НАСА" агенттиги космоско учууларды убакытысынча токтоткон эле. Эми Эл аралык космос бекетине алты айлык мөөнөткө орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен америкалык астронавт Эдвард Лу барды.

XS
SM
MD
LG