Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

ЖАЛАЛАБАДДА ЖАКЫРЧЫЛЫК КҮЧ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Аргасыздан жакыр болгон адамдарга бир жолу берилген акча же мал менен алардын турмушун өзгөртүш мүмкүн эмес. Жалалабад облусундагы жарандар жакыр кишилерге даректүү кол кабыш кылуу жагын кубатташса, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адегенде аларга ушундай абалдан чыгуунун ыкмасын үйрөтүүнү туура санашат. Дагы бирөөлөр мамлекеттик бийлик структураларын кыскартып, чет элдик жардамдан баш тартууну сунуш кылышат.

Өз ара жардамдашуучу топтордун жана кредиттик союздардын түзүлгөн соң, эл аралык уюмдардын каражат жагынан колдоосуна карабастан, расмий маалыматтар боюнча, облустун калкынын тең жарымына жакыны жакырлардын эсебинде турат. Кедейликти азайтыш үчүн былтыр 262 миллион сомдук чакан кредит, ири мүйүздүү 500 мал, 2 миң баш кой-эчки, 2,5 миллион сомдук азык-түлүк жана курулуш материалдары жумшалган. Быйыл жакырлардын санын 5% кыскартуу милдети аныкталды. Жакырчылык жашоого ылайыктуу каражаттын тартыштыгынан, ар бир адамга жана адистикке ылайыктуу жумуштун аздыгынан, социалдык колдоонун начарлыгынан жаралганын көпчүлүк айтууда. Ал эми облустук «Акыйкат» гезитинин редактору Самидин Стамбековдун пикирине караганда, социалдык бул түйшүктү жалаң гана акча, мал берүү менен азайтыш кыйын. Жардамга муктаж адамдар алганын андан ары көбөйтмөк тургай, керегине жумшап ийиши ыктымал:

- Кедей адамдарга бирден кой же уй берүү жолу менен кедейчиликтен алып чыгууга болбойт экен. Муну алардын өздөрү айтып атат. Анткени жетишпегендиктен улам адамдар берилген малды союп жеп алып, же башка керектүү жагына жумшап жиберген учурлар болот экен. Мисалы, бир койду бир жакыр адам аялынын туулган күнүнө союп алган факты бар, - дейт редактор.

Стамбеков айткандай окуялар болбошу үчүн Токтогул жана Ноокен районунда жакырчылыкты жоюу максатын көздөгөн кредит, жандык-мал бир адамга эмес, адамдардын тобуна берилет. Жыл айланган соң, кой-уйдун төлүн жакырларга калтырышат, үлүш жерин айдап беришет. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин облустагы өкүлү Камчыбек Шариповдун көз карашы боюнча, жардамды алдуу-күчтүү жакырга эмес, тубаса жакырларга берген оң:

- Талаш-тартыш маселелер болот. Кээ бири жалкоолукка берилип, же ичкилик ичип, же баңгизат менен алек болуп, үй-бүлөсүнө карабаган адамдар бар. Буларды жакырчылыкта жашап атат деп кескин түрдө айтууга болбойт. Себеби булар жакшы жашоого, же жакырчылыктан чыгууга өздөрү аракет кылышы керек. Мына ошол жалгыз бой кары-картаңдарга, майыптарга, иштейин деп турса да колунан келбеген адамдарга конкреттүү жардам бериш керек. Маселен, жерин айдап берүү, убагында кредиттен, үрөндөн жардам берүү зарыл.

Бир жолку жардам менен жакыр адамдын жашоосун жакшыртуу дегеле мүмкүн эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк аймагын чыр-чатаксыз өнүктүрүү долбоорунун облустагы координатору Жанна Саралаева «бийлик өкүлдөрүнүн жыйын өткөрүп, жакырчылык боюнча отчет бериши менен маселе чечилбейт» деген пикирде:

- Андан элдин жашоосу оңолуп кетпес деп ойлойм. Бул үчүн түзмө-түз элге чыгыш керек. Бир койду, же уйду берүүнүн алдында жакырларды топтоп алып окутуш керек. Алардын да пикирлерин ойлош керек. Мүмкүн ал алгысы келбегендир.

«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын облустук комитетинин төрагасы Медер Үсөновдун бул боюнча ою башкачараак. Ал өлкөдөгү бийлик адамдарын, облус менен райондорду, өкмөттүк структураларды кыскартып, болгон байлыкты үнөмдүү пайдаланып, чет элдик ссуда, кредиттерди үстөккө-босток албастан, эл үчүн мыкты камкордук көрүүнү жактайт.

- Элдин ушундай акыбалга түшүп калгандыгына азыркы бийлик, жергиликтүү чиновниктер гана күнөөлүү. Себеби, алардын элге эч кандай камкордугу жок. Жаңы өсүп келаткан ишкерлер, «элди иштетебиз, элге иш таап беребиз» деген ишкерлер бар. Аларга эч кандай жакшылыктуу камкордук көрүп, салыгын азайтып, жардам көрсөтпөстөн, тескерисинче үстүнөн басмырлап, салыктан кысып, ар кандай тоскоолдук көрсөтүшөт. Мына бизде той-топурларды өткөрүп атат мамлекетибиз. Бул эч кандай жакырчылыктан алып чыкпайт. Кандай бир деңгээлде бизди жакырдантып, кайра мүңкүрөтүп коюшу мүмкүн. Бир улуу сөз бар. Адам баласы жашаш үчүн иштеш керек эмес, иштеш үчүн, элге кызмат кылыш үчүн жашаш керек деп ойлойм, - дейт Медер Үсөнов.

XS
SM
MD
LG