Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

ТАЖИКСТАНДАН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРГА АТУУЛДУК ЫЙГАРУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ КАНДАЙ?


Мирзохалим Каримов, Бишкек Өздөрүнүн тарыхый мекенине Тажикстандан качкын болуп келген миңдеген кыргыздар көп жылдардан бери Кыргызстандын атуулдугун ала албагандыктан, айрыкча укуктук жана социалдык жактан далай кыйынчылыктарды баштан өткөрүштү. Качкындардын басымдуу бөлүгү азыр деле татаал турмуш кечирип, атуулдук алууну арман кылып күтүп жүрүшөт. Бул маселеге азыр кандай маани берилип жатканынан кабардар болуу максатында Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Шарифхон Каландаровго бир нече суроо менен кайрылдык.

- Шарифхон Кишварович, Тажикстанда болуп өткөн саясий жаңжалдан улам ал жактагы миңдеген кыргыздар Кыргызстанга качкын болуп келип, 6-7 жылдан бери жашап жатышат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын атуулдугуна ээ боло албай, көптөн бери кыйналып келатышат. Бул үчүн кандай документтер талап кылынаарын, мыйзам чегинде белгиленген эрежелерди билбегендери да арбын. Мына ушул маселелер боюнча айтып берсеңиз.

- Саясий жаңжалдан улам Кыргызстанга качкын болуп келген Тажикстандын атуулдарына Кыргызстандын атуулдугун ыйгаруу жаатындагы иштерди аткаруу Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин да алдында турган маселелердин бири болуп саналат. Биз бул боюнча тиешелүү иштерди жасай баштадык. Жакында 100гө жакын адамдын документтерин даярдап, ѳлкѳнүн жарандыгынан чыгарыш үчүн Тажикстанга жөнөттүк. Белгилүү болгондой, Тажикстандан 1994-жылга чейин келген этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө Кыргызстандын жарандыгын ыйгаруу тууралуу атайын келишим кабыл алынган эле. Тажикстандын парламенти бул келишимди ратификациялады. Бирок, Жогорку Кеңеш айрым пункттарын өзгөрткөнүн эсепке албаганда, негизинен Кыргызстан тарап деле аны ратификациялады. Эми эки ѳлкѳ келишимде белгиленгендерди аткарышы керек. Кабыл алынган келишимге ылайык көптөгөн качкындар Тажикстандын жарандыгынан кыска мөөнөттө жана акысыз чыгарылып, аларга Кыргызстандын жарандыгы ыйгарылышы керек. Бул иштерди аткарууга байланышкан милдеттердин баары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги миграция департаментине жүктөлгөн. Ал департамент бул боюнча эрежелерди иштеп чыгууга жана тийиштүү иштерди жүргүзүүгө милдеттендирилген. Биздин элчиликтеги консулдук бөлүм болсо, Тажикстандын жарандыгынан чыгаруу жаатындагы иштерди мыйзамда белгиленген жалпы эрежелердин негизинде гана жүргүзөт. Тактап айтканда, элчиликтеги консулдук бөлүм тарабынан көрсөтүлө турган кызматтарга атайын белгиленген тариф боюнча акы төлөнүшү керек. Мисал үчүн, Тажикстандын жарандыгынан чыгыш үчүн 50 доллар жана 50 сом өлчөмүндө акы алынат. Жалпыга тиешелүү эреже боюнча арыз менен кайрылган жарандардын документтери 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөттө каралат. Жөнөтүлгөн документтер тиешелүү органдар тарабынан каралып, тактала турган процесс мына ушундай узак мөөнөттү талап кылат. Талап кылынган документтер жөнүндө айта турган болсок, анын тизмеси анча деле узун эмес. Паспорт же нотариус тарабынан тастыкталган туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жеринен справка, жарандыктан чыгууну өтүнгөн арыз, элчилик тарабынан тастыктала турган декларация кагаздары жана 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт менен документтер тиркелүүчү мукаба тапшырылышы керек. Бул документтер Тажикстандан кайра келгенден кийин гана элчилик ошол адамга «Тажикстандын жарандыгынан чыгарылды» деген справканы бере алат.

- Согуш учурунда паспортторун да, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн да жоготуп келип, азыркыга чейин документсиз жүргөн адамдар да бар, ошол качкындардын арасында. Алардын тагдыры эмне болот?

- Паспорту же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок адамдар элчиликке кайрылган учурда Тажикстандын президентинин алдындагы Жарандык боюнча комиссиянын наамына арыз жазышы керек. Ал арызда тигил же бул документи кандай шартта, кайсыл учурда жоголгону тууралуу так жана туура маалымат берүүгө милдеттүү. Ошентип, бул арыз өзүнчө бир документ катары тиркелип Тажикстанга жөнөтүлөт. Албетте, ким экенин күбөлөндүрө турган бир дагы документи жок адамдар менен мыйзам негизинде иш жүргүзүү биз үчүн бир топ кыйынчылык туудурат. Азыр бул өтө кыйын маселе. Анткени эреже боюнча тигил же бул документин жоктогон киши ички иштер бөлүмүнө, башка тийиштүү органдарга өз убагында кайрылып, документи жоголгону тууралуу справка алмагы шарт. Колунда мындай справкасы болбогон ар бир кишиге эле ишене берсе болобу? Жок, албетте. Кыскасы, мындай адамдардын документтерин кабыл алуу жана алар менен иш алып баруу өзгөчө бир мүшкүл нерсе. Демек, негизги деп эсептелген документтерин жоготкон жана алардын жоголгондугун тастыктаган справкалары жок адамдар элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылаар алдында маселенин ушул жагын алдын-ала билип алышы керек.

- Эми Тажикстан менен Кыргызстандын карым-катнашынын келечеги тууралуу айтып берсеңиз. Виза режими киргизилеби же жокпу?

- Мурдагы Советтер курамындагы ѳлкѳлѳр эгемендүүлүккө ээ болгондон бери биздин ѳлкѳгѳ эң эле жакын, эң эле жылуу, бир туугандык мамиледе болуп келаткан республика – бул Кыргызстан. Ошол себептен виза режимин киргизүү тууралуу буга чейин бир жолу да сөз болгон эмес, мындан кийин деле андай сөз болбосо керек деп ойлойм. Ѳлкѳбүз саясий жаңжалга кабылган мүшкүл мезгилде Кыргызстандын жетекчилери жана эли көрсөткөн жардамды биздин эл эч качан унутпайт. Жарандарыбыздын Кыргызстан менен ээн-эркин, эч тосколдуксуз карым-катнаш кылып келатышканы, Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгып жатышканы да бизге карата нукура бир туугандык мамиленин чыныгы далили. Ушундай болгон соң, эки өлкөнүн ортосунда мындан ары деле виза маселеси коюлбашы керек деген ойдомун.
XS
SM
MD
LG