Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

ИРАК КҮРТТӨРҮНҮН ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?


Нарын АЙЫП, Прага Иракта президент Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийин, өлкөнүн түндүгүндө жашаган күрттөр автономия түзүүгө мүмкүнчүлүк алды, бирок чоң саясаттан улам, ага азырынча жете албай тургандай.

Дүйнөдө 18-20 миллионго жакын күрт жашайт, алардын беш-алты миллиону Иракта, дагы беш миллиондою Иранда, алты-жети миллиону Түркияда, бир миллионго жакыны Сирияда турат жана андан аз сандагы күрттөр бир топ башка мамлекетте да кездешет. Анткен менен алардын эгемендүү мамлекети жок жана эч бир өлкөдө аларга автономия да берилген эмес. Британиялык тарыхчы Дэвид Макдауэллдин пикиринде, Ирактагы диктаторлук бийлик кулатылгандан кийин, күрт автономиясын түзүүгө азыр болуп көрбөгөндөй жакшы шарт пайда болду: "Ирактагы акыркы саясий абалды талдаганда эстен чыгарбай турган эң негизги нерсе - 1918-жылдан бери алгачкы ирет бул региондогу күрттөр үчүн - өз тагдырын өз каалоосуна жараша чечип алууга шарт түзүлүүдө. Багдаддагы бийлик жоголду, жаңы бийлик түзүлгөндө да, ал мурдагыдай катаал болбойт, ошондуктан күрттөрдү азыр негизинен Түркиянын туруму гана тынчсыздандырат".

Түркия чындап эле кошуна Иракта күрт автономиясынын пайда болушуна каршы, анткени Анкаранын пикиринде, ал - көп жылдардан бери эгемендүүлүк үчүн күрөшүп келген Түркиянын өзүндөгү күрттөргө таасир этиши мүмкүн. Америкалык аскерлер Багдад шаарын басып алгандан көп өтпөй, ирактык күрттөр өлкөнүн түндүгүндөгү бир нече ири шаарды колго алган жана Анкаранын талабы менен америкалык жетекчилик ал шаарларга аскер жиберип, күрт жоокерлерин куралсыздандырууга аргасыз болгон.

Ошол эле учурда Түркия Иракка өз аскерлерин да киргизген жана америкалыктар аларды да кармап, артка кайтарган. Иракта күрт автономиясынын пайда болушуна кошуна Сирия дагы каршы. Ирандын жетекчилиги болсо негизинен Иракта жашаган шийилерге таянып, америкалыктардын Ирактан тез арада чыгып кетишин талап кылууда. АКШ бул өлкөдө өз базаларын түзсө, ал эң биринчи кезекте Ирандын диний жетекчилигине коркунуч жаратаары анык.

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Жей Гарнер өткөн аптада күрттөрдүн эки негизги уюмунун жетекчилери менен эки башка учурда жолугуп, экөөнү тең мактады. Анын айтымында, 1991-жылдан бери Ирактын түндүгүн өз алдынча башкарган күрттөрдүн мисалы бүткүл Ирак үчүн үлгү боло алат. Президент Жорж Буш дагы бир нече жолу Иракта федеративдик мамлекет түзүлөт деп билдирген жана андай идеяны күрттөр да, өлкө калкынын 60 пайызын түзгөн шийилер да колдогон. Бирок Гарнер жакында күрттөр федерация түзүүгө кызыкдар эмес деп билдирди. АКШнын мындай саясаты, биринчиден, Түркия менен болгон мамилени бузуп албоого багытталганын көрсөтөт, экинчиден андай аракеттер - Вашингтондо бул маселе боюнча туруктуу саясат калыптана элек экенин далилдейт.

Бирок ирактык күрттөрдүн өз-ара биримдиги да жок. Күрд демократиялык партиясынын жетекчиси Масуд Барзани жана Күрдистандын патриоттук бирикмесинин башчысы Жалал Талабани бир-бирин жек көрөт. 90-жылдардын башында өткөрүлгөн шайлоодо болсо эки уюм тең күрт шайлоочулары арасында 45 пайыздан добуш чогулткан.

Дэвид Макдауэллдин пикиринде, бул эки уюм ортосундагы мамиле келечекте негизги маселеге айланышы мүмкүн: "Багдаддагы бийлик жок болгондон кийин эми бул эки негизги уюм ортосундагы атаандашуу башкы маселеге айланышы мүмкүн. Ойлоп көрүңүз, эгер сиз Багдадда отуруп жаңы өкмөттү башкарсаңыз жана ал өкмөт өтө деле күчтүү болбосо, сиз сөзсүз Барзани менен Талабанини бир-бирине кайраштырышыңыз керек болот".

Ошентип, ирактык күрттөр автономияга өз-ара араздашуудан улам да жетпей калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG