1991-жылкы Перси булуңундагы согуштан кийин Сауд Арабияда жайгаштырылган АКШ жана Саудилик ханзаада Султандын биргелешкен аба базасы – жакынкы мезгилге дейре Пентагондун маанилүү обьекттеринин бири болуп келген. Ошол аба базадан учуп чыккан Америка менен Британиянын согуштук самолеттору 10 жылдан ашуун мезгилден бери Ирактын түндүгүндөгү аба мейкиндигин көзөмөлдөп турушту. Эми кырдаал өзгөрдү, Ирактагы согушта АКШ баштаган коалициялык күчтөр жеңди, Саддамдын бийлиги кулады, андыктан опурталдуу аймакты абадан көзөмөлдөө муктаждыгы дээрлик жоюлду. Ошол эле учурда Сауд Арабиядагы америкалык аскерий база – дүйнө мусулмандарынын ыйык жайлары – Меке жана Медина жайгашкан аймакта орун алганы – араб мамлекеттеринде терең нааразылык жаратып келгени жашыруун эмес.
11-сентябрда Кошмо Штаттарда 3000дей кишинин өмүрүн алган теракттар үчүн жооптуу деп шектелген Ал-Каида уюмунун жетекчиси Усама бин Ладен бул кыянатчыл ишти Американын мусулмандардын жүрөк толтосу саналган Сауд Арабиядагы аскерий базасына каршы, андан кийин барып Вашингтондун Израилди жана Перси булуңундагы падышаларды колдогон саясаты үчүн атайлап уюштурганын айтканы бар. Анын үстүнө Америкадагы теракттарды жүзөгө ашырган 19 адамдын 15и Сауд Арабиянын жарандары болуп чыкты. Андыктан, Америкада жоон топ саясатчылар Вашингтондон эр-Рияд менен мамилелерин кайра карап чыгып, саясий жана экономикалык алакаларды кыскартууну талап кылышкан.
Ирактагы бийликти алмаштырууну көздөгөн АКШ жетекчилиги аларды укмаксанга салып, Сауд Арабияны – Перси булуңундагы башкы өнөктөш атап келди. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге Ирактагы согуштун алдында эр-Рияд Пентагонго өлкө аймагын уруштар маалында пайдаланууга уруксат бербей койгону кошумча суу септи. Андан улам, коалициялык күчтөр Саддамга каршы согушта Сауд Арабиянын аба мейкиндигинен пайдаланып-чектелишти. Айтор, ушул аптада эр-Риядга барган АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Пентагон саудилик базадагы аскерлеринин басымдуу бөлүгүн чыгарып кетүүгө чамданып калганын жарыялады:
- Биз Сауд Арабия менен эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкты уланта бермекчибиз. Алдыда сауди армиясын машыктырып-үйрөтүү боюнча пландарыбыз бар, бирок азыр бул жердеги аскерлерибиздин бир бөлүгүн алып кетүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Вашингтондун өкүлдөрү Америка Ирактагы согуш маалында эки эсе көбөйүп, 10 миңге чаап барган Сауд Арабиядагы аскерлеринин көбүн чыгарып кетип, ушул жайдын аягында 500дөйүн гана калтыраарын маалымдашты. Рамсфелддин "ыңгайлуу шарттар" дегени, биринчиден, Ирактагы согуш максатына жетти, экинчиден, анын алдында коңшулаш Катарда АКШнын кеңири аскерий базасы, атүгүл региондогу башкы штабы ачылды.
Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Эндрю Брукс Катардагы база, Сауд Арабияга караганда көп жагынан оңтойлуу ордо экенин белгилейт:
- Катар географиялык орду, өнүгүү деңгээли, деңиз жээгине жакындыгы, ички абалы, калкынын аз сандуулугу, улутчулдук маанайынан алганда да бардык жагынан өтө оңтойлуу аймак. Бул жерде Меке менен Медина өңдүү дүйнө мусулмандарын өзүнө тартчу ыйык жайлар да жок.
Ошентип, Американын Сауд Арабиядагы аскерлеринин санын кыскартуу демилгесинин артында бир топ негиздүү себептер жатат. Анын үстүнө келечекте Вашингтондун Перси булуңундагы башкы өнөктөштөрү эр-Риядда эмес, Багдадда отурганы калбадыбы.