Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Тегеранда “көчөлөрдү шуркуялардан тазалоо” башталды


Иран полициясы Тегеранда жана анын чет жакаларындагы үч күндүк рейд учурунда 70тен көп сойкуну камакка алды. Алардын ичинде СПИД илдетин жугузуп алгандары да бар.
Маалымат булактарынын кабарлашынча, баш калаанын “көчөлөрүн адепсиз аялдардан тазалоо” операциясы дагы улантылат.
Ал эми Ирандын түндүк батышындагы Рашт жана Анзали шаарчалырында сойкукана кармаган тогуз эркек жана эки аял камакка алынган.
Өлкөдө шуркуялыкка тыйуу салынган жана негайбыл иштерге барган аял-эркектер айоосуз жазаланат. Анткени менен, ырасмий маалыматтар боюнча Иран ислам республикасында кеминде 30 миң аял шуркуялыкты кесип кылышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG