Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Папа Иоан Павел католик олуялардын санын дагы бешке көбөйттү


Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел жекшемби күнү Мадридде испан тилинде кутпа окуп, 20-кылымда жашап өткөн испаниялык беш динзарды олуя деп жарыялады.
Ыйык деп жарыяланган үч аял жана эки эркектин катарында 1936-39-жылдары Испанияда болгон граждандык согуш кезинде республикачылар тарабынан даргага асылган диниятчы Педро Поведа Кастроверде да бар.
Диний зыяпатка 1 миллионго жакын адам, анын ичинде Испаниянын падышасы Хуан Карлос, ханайым София жана премьер-министр Хосе Мария Азнар катышты.
Иоан Павел падыша үй-бүлөсү менен кездешкенден кийин сапарын каарытып, Римге учуп кетти.

XS
SM
MD
LG