Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 05:05

Мисир Ирактык партиялардын «тамырын тартып көрүүдө»


Саддам Хусейндин режимине оппозицияда болгон шийи мусулмандарынын негизги тобунун өкүлдөрү бүгүн Каирде Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Махер менен жолугушат.
Мисир тараптын маалымдашынча, Иранда жайгашкан Ирактын революциячыл Жогорку ассамблеясынын өкүлдөрүн Ибрагим Хаммуди жетектейт.
Махер ишемби күнү Күртыстан патриоттук союзу-КПСнын жетекчилеринин бири Бахрам Салех менен кездешкен.
КПС Иракта демократиялуу жана бирдиктүү федералдык башкаруунун болушун жактайт.
Ырасмий булактардын айтымында, Мисир Ирактын келечегин аныктоочу жооптуу мезгилде ирактык бардык топтордун аракетин көзөмөлдө кармап турууга ынтызар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG