Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

“Жол картасы” У. Бөрнстү Иерусалимден Рамаллага алып келди


АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Уильям Бөрнс бүгүн Батыш Иордандын Рамалла шаарында Палестина автономиясынын өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен кездешет.

Жолугушууда израилдик-палестиналык тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра улантууга багытталган “жол картасында” каралган иш чараларды аткаруу маселеси талкууланат.

Бөрнс кечээ күнү Иерусалимде Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом жана премьер-министр Ариел Шарон менен жолугушкандан кийин Израил палестиналыктарга аскерий кысмак көрсөтүүнү жеңилдетиши шарт деп билдирген. Бул, Бөрнстүн сөзүнчө, палестиналыктардын согушчандарды тыюусуна өбөлгө түзөт.
Израил өкмөтүнүн билдиришинче, “палестиналыктар терроризмге каршы согушту биринчи баштамайын” аскерий жортуулдар токтотулбайт.
“Жол картасы” эки тарапты араздашууну токтотууга, Батыш Иордан менен Газа секторунда жөөт келгиндерине жаңы туракжай курбоого жана 2005-жылга чейин Палестина мамлекетин түзүлдү деп жарыялабоого чакырат.

XS
SM
MD
LG