Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Koшмо Штаттарынын Ирактагы администратору Жей Гарнер Иракта убактылуу өкмөт ушул айдын ортосуна чейин түзүлүшү күтүлөт деп жарыялады. Ал эми Ирактын айрым аймактарында уруу башчылары жана диний чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жергиликтүү бийликти өз колдоруна алып жатышат. Сөз Жаңыл Жусубжанда.

Кошмо Штаттары Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды жана Саддам Хуссейнди издөө менен катар, өлкөнү калыбына келтирип, убактылуу өкмөт түзүү менен алек болууда. Аталган куралдар да, Саддам Хусейн да табыла элек. Реконструкция иштери аз-аздап жүрүп жатат. Ал эми өкмөт түзүү маселесине Жей Гарнер ушул дүйшөмбүдө айкындык киргизди.

Америкалык администратордун айтымында, Ирактын «коллективдүү убактылуу жетекчилиги» ай ортосунда чейин түзүлүшү мүмкүн жана ал убактылуу өкмөттүн уюткусу болуп калат. Гарнердин билдиришинче, убактылуу жетекчилик Ирактын тогуз жаранынан куралат жана алар америкалыктар менен байланышты камсыз кылышат. Алардын айрымдары - сүргүндөн жаңы кайтып келгендер, башкалары Ирактагы улуттук жана диний топтордун өкүлдөрү болмокчу.

Бул - жалпы мамлекеттик деңгээлдеги пландар. Ал эми Ирактын түндүгүндө Саддам Хусейндин өкмөтү кулагандан кийин биринчи жолу жергиликтүү бийлик структураларына шайлоо башталды. Арабдар басымдуулук кылган, ошондой эле күрттөр, түркмөндөр, асириялыктар жашаган Мосул шаарында 200 чакты делегат 5-май күнү убактылуу шаар өкмөтүн тандоого киришти. Жыйынды ачып жатып, шаардын баш прокурору Мохаммад Ражаб ал-Кубаиси мындай деди:

- Хаммурапинин доорунан бери сакталып келген мыйзамдуулук жана эл башкаруунун улуу салтын улантып, биз бүгүн Мосулда шаардын убактылуу акимин жана убактылуу Мосул өкмөтүн тандайбыз.

Прокурор ошондой эле буга чейинки талкуулар ачык мүнөздө болду деп ырастады.

- Бардык сүйлөшүүлөр маанилүү талкуу менен коштолуп, чечимдер акыйкат жол менен кабыл алынды, - деди баш прокурор ал-Кубаиси. Делегаттар добуш бере турган залды америкалык аскерлер кайтарып турушат. Алардын аскер башчысы генерал-майор Давид Петреус жыйын ачылгандан кийин кабарчылардын алдына чыгып: Бул жакта силер Ирактагы демократиялык процесстин жаралышына күбө болуп жатасыңа", - деди.

Өткөн айда талап-тоноо, зордук-зобундук өкүм сүргөн Мосулду америкалык аскер башчылары азыр тартипти калыбына келтирүүдө «башкаларга үлгү болуучу» шаар деп мүнөздөшүүдө. АКШ армиясынын маалымат кызматынын билдиришинче, Мосулда, Иракта биринчилерден болуп, мектептер кайра ачылды жана машинага май куючу бекеттер кайтарууга алынды.

Мосулдагы убактылуу өкмөттү шайлоо америкалык аскерлердин көзөмөлү астында өтүп жатса, Ирактын дагы бир шаарында бийлик кимдин колунда экендиги бүдөмүк кала берүүдө.

Багдаддан 60 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан Диала вилаятынын борбору Бакубада уруу башчылары, мурдагы оппозиция өкүлдөр, шийилер жана сунни мусулмандары биригип, башкаруу комитетин түзүп алышкан. "Биз өкмөт түзүлгөнгө чейин убактылуу иштеп жатабыз, - деди комитеттин төрагасы Ибрахим ар-Рубейи. Шаар ичинде турган америкалык күчтөр бул комитет менен иштешээри белгисиз. Ар-Рубейинин сөзү боюнча, ал америкалыктарга өкүл жиберген, бирок азырынча алардан жооп боло элек.

АКШнын аскер командачылыгы Иракта бийлик меники деп жар салгандардын баары менен эле алака түзбөй тургандыгын эскерткен. Бирок америкалыктардын иши чачтан көп болуп турганынан пайдаланып, Багдадда Мохаммед Мохсен аз-Зубайди деген киши, Кут шаарында шийи диниятчысы өзүн эл башчысы деп жарыялаган. Ал эми Ирактын түштүгүндө шийи мусулмандарынын атуу-баштуулары комитет түзүп, мамлекеттик кызматкерлерге айлык төлөп, өкмөттүк имараттарды өздөрүнүн куралдуу топтору менен кайтарууга алышууда.
XS
SM
MD
LG