Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

ТҮРКМӨНСТАНДА ҮЙЛӨР ҮЧ ЭСЕ АРЗАНДАДЫ


Апрелдин аягында түркмөн президенти С.Ниязов Түркмөнстан-Орусия кош жарандуулугун жоюу жөнүндөгү жардыкка кол койгон. Ошондон тарта Орусиянын Ашгабаттагы элчилигинин алдына киши батпай, миңдеген орустар жана орус тилдүү улуттардын өкүлдөрү чукул арада жарандыгын өзгөртүп, башка жактарга көчүп кетүүгө ашыгууда. Укук коргоочулар түркмөн бийлигинин бул чечими - өлкөнү ого бетер жабык, тышкы дүйнөдөн оолак калган аймакка алындырат деп эсептешет.

Мындан эки-үч ай мурун Ашгабатта 9000 АКШ долларына бааланган үйлөр азыр андан үч эсе арзандап, 3000 долларга жетпеген акчага сатылууда. Кыймылсыз мүлктүн кыска убакыт ичинде арзандап кетишине 22-апрелде кол коюлган президент С.Ниязовдун Түркмөнстан-Орусия кош жарандуулугун жоюу жөнүндөгү жардыгы түрткү болду. Ал жардыккка ылайык, Түркмөнстан менен Орусиянын кош жарандуулугун алган жергиликтүү тургундар эки ай ичинде эки өлкөнүн бирин тандап, акыркы чечим кабыл алышы зарыл. Антпесе, алтымыш күндөн кийин алар автоматтык түрдө Түркмөнстандын гана граждандары болуп калат. Андыктан, апрелдин аягынан тарта Орусиянын Ашгабаттагы элчилигинин алдында жергиликтүү орус тилдүү калк таң эртеден кезекке туруп, үй-мүлкүн шашыла арзан баада сатып, көчүп кетүүгө ашыгууда. Статистикалык маалыматтар боюнча, Түркмөнстандын 100 миңдей атуулу бир эле учурда Орусиянын да жарандары.



Ашгабаттагы орус элчилигинин алдында чогулган айрым адамдар "Азаттыктын" кабарчысына буларды айтышкан:

- Азыр эми бизге берилген мөөнөттөн бир жарым ай эле калды. Ушунча кыска убакыт ичинде биз бир чечим кабыл алып, тууган-досторубуздун баарын таштап, куржундарыбызды көтөрүп чыгып кетишибиз керекпи? – деп Түркмөнстанда төрөлүп-өскөн орус аял бушайман болсо, жакындарынын жарымы Орусияда, калганы Түркмөнстанда жашаган дагы бир ашгабаттык элчиликке кеңеш сурап келгенин айтат:

- Менин оорулуу энем бул жерде жашайт, балдарым Орусияга кетип калышкан, эми мен алардын кимисин тандашым керек?

Ошентип, түркмөн бийлиги өзүнүн 100 миңден ашуун жарандарына өз тагдырын чечүүгө эки айлык убакыт берди. Түркмөнбашы (мурдагы Красноводск) шаарындагы бейөкмөт уюмдун жетекчиси Вячеслав Мамедов алардын шаарында да президент Ниязовдун жардыгына эл терең нааразы болуп жатканын билдирет:

- Орус тилдүү калкты бул жардык терең сарсанаага салды. Биздин шаардагы Орусиянын консулдугунун алдына да күн сайын миңдеген кишилер чогулуп, түркмөн президентинин жардыгын жакшылап түшүндүрүп берүүнү талап кылышууда.


Түркмөнстандын президенти С.Ниязов менен Орусиянын ал кездеги президенти Б.Ельцин эки өлкөнүн кош жарандуулугун алууга жол ачкан келишимге 1993-жылы кол коюшкан. Андан 10 жыл өткөн соң, өткөн апрель айында С.Ниязов Москвага барып, орусиялык кесиптеши В.Путинди ал келишимден баш тартууга көндүрүп келди. Байкоочулар Ашгабат Орусияга түркмөн газын экспорттоп-сатууга мүмкүнчүлүк берген үчүн Кремль түркмөн бийлигинин сунушуна моюн сунду деп жатышат.

Айтор, 10-апрелде Москвада кол коюлган кош жарандуулукту жоюу жөнүндөгү макулдашууну көп узабай түркмөн парламенти ратификациялады, Орусиянын Мамлекеттик Думасы болсо, аны бекитүүдөн баш тартууда. Андыктан, айрым москвалык саясатчылар документ Орусиянын парламенти тарабынан бекитилмейинче, түркмөн президентинин жардыгы мыйзамдуу күчкө ээ боло албайт деп эсептешет.

Укук коргоочулар Орусия менен кош жарандуулукту жоюу чечими – түркмөн бийлигинин өткөн күздө президент Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети жасалгандан кийин башталган катаал саясатынын ырааттуу уландысы экенин белгилешет. Ашгабат ал кыянатчыл ишке тиешеси бар түркмөн жарандары кош жарандыктан пайдаланып, Орусияда жашырынып жүрүшөт деген пикирин айткан. Түркмөн бийликтери эми алардын экинчи жарандыгы күчүн жоготсо, Орусияда аларды эч ким калкалап кала албайт деген пикирде. Андан сырткары Ашгабат чет өлкөлөргө барууну каалаган түркмөн жарандары үчүн да катуу чектөөлөрдү киргизди. Мисалы, чет мамлекетте окуган түркмөнстандык студенттерге улуттук банк аркылуу белгиленген өлчөмдөн тышкары акча жөнөтүүгө тыюу салынды. Ошондой эле Түркмөнстанда иштегиси келген чет элдик мугалимдер адегенде Түркмөнбашынын "Рухнама" аттуу таанымал чыгармасын жакшылап өздөштүрүп, ал боюнча атайын сынак тапшырууга милдеттендирилди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG