Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН БАСМА СӨЗҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 1930-1940-жылдары эле Шинжаң чөлкөмүндө «Шинжаң гезити», «Иле Шинжаң гезити», «Кашкар Шинжаң гезити» сыяктуу чакан басылмалар чыгып келген. Бирок, бул гезиттер уйгур жана казак тилдеринде чыккан. Ошондуктан, бул чөлкөмдөрдө жашаган кыргыздар өздөрүнүн макала, ырларын ал учурда уйгур же казак тилдеринде жазып, жарыялап келишкен. Иле казак автономиялуу облусунда жашаган кыргыздар казак тилинде жазышса, Кашкар аймагы тарапта жашагандары уйгур тилинде жазууга мажбур болушкан.

Кытайдагы кыргыздардын басма сөз каражаттары 1954-жылы Кытай мамлекетинин Шинжаң аймагында Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусу курулгандан кийин гана, кыргыз жазуусу колдонула баштагандан тартып пайда болгон. Мурда айтылгандай, Кытайдагы кыргыздардын белгилүү тилчи илимпозу Абдыкадыр Токторов кыргызстандык агартуучу Ишенаалы Арабаев тарабынан 1924-жылы түзүлгөн «Кыргыз алиппесинин» негизинде 30 тамгадан куралган Кытайдагы кыргыздардын жазуусунун долбоорун иштеп чыккан. Ушул эле жылы бул 30 тамгалуу кыргыз жазуусу араб алфавитинин графикасынын негизинде түзүлгөн Кытайдагы кыргыздардын улуттук жазуусу катары бекитилген.

1957-жылдан тартып Кызылсуу облусунун борбору Артыш шаарында «Кызылсуу гезити» кирилл алфавитинин негизинде кыргыз тилинде жарык көрө баштайт. Анткени кыргыз жазуусунун долбоору бекитилгендигине карабастан, 1958-жылга чейин Кытайдагы кыргыздарда кирилл алфавитиндеги кыргыз жазуусу колдонулуп келген. 1959-жылы гана Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусундагы басма иштерине араб алфавитинин графикасындагы кыргыз жазуусу киргизилген. “Кызылсуу” гезитинде өлкөдөгү саясий-экономикалык жаңылыктар, облустун турмушундагы окуялар чагылдырыла баштаган. Бирок 1966-76-жылдардагы «маданий төңкөрүштүн» убагында гезит чыкпай калган.

Белгилей кетчү жагдай, 1963-жылдан 1970-жылдардын аягына чейин кыргыз жазуусу басма беттеринде, окуу-агартуу иштеринде колдонулбай калган. Бирок бул жылдары деле кыргыз жазуусу Кытайдагы кыргыздардын өз ара кат-алакаларында, адабий мурастарды окуп, кагазга түшүрүүдө үзгүлтүксүз колдонулуп келген. Мисалы, ошол жылдары Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосунун, «Курманбек» жана башка кичи дастандардын кол жазмасы колдон колго өтүп, көчүрүлүп окулган. «Маданий төңкөрүш» жылдары кыргыздар жашаган айрым райондордо, маселен Кызылсуу облусуна караштуу Акчий районунда кыргыз калемгерлери өз демилгелери менен «Акчий адабияты» деген журналды чыгарышкан. Бул журнал Шинжаң аймагында жашаган кыргыздарга кеңири тараган жана басылма ошол жылдары улуттук адабий журнал катары кабыл алынган.

1979-жылы Шинжаң автономиялуу районунун партиялык комитетинин атайын токтому менен араб алфавитинин графикасындагы кыргыз жазуусу расмий түрдө кайра калыбына келтирилген. Буга байланыштуу Кызылсуу кыргыз облусунда жана Кытайдагы кыргыздар топтошуп отурукташкан башка жерлерде кыргыз жазуусу жалпы колдонула баштаган.

1980-жылы кыргыз тилин изилдөө боюнча илимий иштерди жүргүзүү максатында Кызылсуу облустук тил жазуу комитети түзүлгөн. Кытайдагы кыргыз тилчи-илимпоздор кирген бул комитет тарабынан кыргыз жазуусун кыргыз адабий тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтыруу, анын орфографиялык эрежелерин тактоо жана башка багыттарда илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада, Кытайдагы кыргыздардын бүгүнкү басма сөздө бирдиктүү колдонулуп келе жаткан кыргыз жазуусу түзүлгөн.

81-жылы Үрүмчү шаарында «Шинжаң кыргыз адабияты» аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Бул журнал адегенде айына бир жолу чыгып турган. Андан кийин, 90-жылдардын башынан тартып айына эки ирет чыгып келет. Журналда Кытайдагы кыргыз адабиятчы, тарыхчы, санжырачылардын жана башка илимпоздордун макала, иликтөөлөрү жарыяланып, ошондой эле Шинжаңдагы кыргыз жана башка улуттардын акын, жазуучуларынын жаңы чыгармалары, ырлары да окурмандарга тартууланып турат.

1985-жылдан тартып кыргыз тилин которуу маселелерин иликтөөнү жана мамлекеттик тил саясатын үгүттөөнү башкы максат катары койгон «Тил жана котормо» журналы чыга баштаган. Журналда кыргыз тили боюнча макалалар, илимий иликтөөлөр жарыяланып турат. Басылманын алдына койгон максаты - кыргыз тилин байытуу, ар тараптуу изилдөө, ошондой эле мамлекеттеги тил саясатын чагылдыруу.

1982-жылы Шинжаң Эл радиостанциясында кыргыз редакциясы ачылган. Бүгүнкү күндө Үрүмчү шаарындагы кыргыз радиосу күнүнө эки сааттык уктуруусун обого чыгарат. Кыргыз радиосунун берүүлөрү дүйнөлүк кабарларды, Кытай мамлекетиндеги, анын ичинде Шинжаң аймагындагы, Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусундагы саясий, экономикалык жана маданий жаңылыктарды камтыйт. Кыргыз радиосунан ошондой эле кыргыз ыр-күүлөрү тынбай берилип турат.
XS
SM
MD
LG