Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

БАШМЫЙЗАМДЫН ӨМҮРҮ


1993-жыл эгемен Кыргызстандын тарыхында улуттук акча бирдигин, өлкөнүн Башмыйзамын кабыл алган мезгил катары катталды. Өлкөнүн Башмыйзамы он жыл аралыгында 5 ирет өзгөрүлдү. Анын бирөө гана парламенттин колу менен жасалса, калганы жалпы элдик колдоого салынды.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынганын жумурай-журт жакшы билет. Арийне, ага чейин Башмыйзам долбоорун жазууга шымалангандар арбын болгону, алардын арасында азыр «оппозиция мүчөлөрү» деп кыйла өгөйлөнүп келаткан Өмүрбек Текебаев, Топчубек Тургуналиевдер турганы, соңунда болгон тексттердин баары кошулуп, орток Башмыйзам жазылганы азыр деле көпчүлүктүн жадынан чыга элек.

Арадан он жыл өттү. Бул арада эгемен өлкөнүн Башмыйзамы 5 ирет жаңыланды, акыркысы ушул жылдын 2-февралында өттү. Анын чуулганы ушу тапта «Арнамыс» партиясынын мүчөсү менен «Аалам» гезитинин кабарчысынын үстүнөн козголгон кылмыш иши аркылуу жамы дүйнөгө жар салынууда.

Башмыйзамда жаңыдан баш көтөрүп келаткан президенттик жеке бийликке жетиштүү көңүл бурулбай калганы, кеңешчил бийликтин кедергиси начар экени кийин, тагыраак айтканда, 1996-жылдын башында Башмыйзамга биринчи ирет өзгөртүү, алымча-кошумча киргизилген чакта байма-бай айтылды. Ошентип, 1996-жылдын 10-февралындагы референдум жалпы элдик колдоонун шарапаты менен президентке абсолюттук дегидей бийликти алып берди.

Конституциялык оңдоп-түзөтүүнүн кыныгына кирген кыргыз бийлиги арадан эки жыл өткөрүп, 1998-жылдын 17-октябрында кош палаталуу парламенттин аки-чүкүсүн тактоо амалында дагы бир референдум чакырды. Парламент депутаттарынын кол тийбестик укугун алып салуу, палаталардын ыйгарым укуктарын тактоо, орус тилине расмий тил ыйгарымын ыроолоо конституциялык реформалардын ишин алдыга жылдырып, референдумдардын көчүн узартты. Аксы алааматы чыкпаса Башмыйзамга дагы бир оңдоо-түзөө киргизилбей деле калышы ыктымал болчу. Башы Үзөңгүкууштан тутанып, жалыны Аксыны каптаган чек ара чатагы, аны улам-улам козгоодон тажабаган парламенттин өжөр депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы, башында сый-сыпатта келаткан эл менен бийлик ортосундагы жараканы ачыкка чыгарып, жүрө-жүрө ал саясий тирешүүгө өттү.

Кыргыз бийлиги түзүлгөн жагдайды кылдат баамдап, 2002-жылдын бийлик үлөштүрүү зарылдыгын айтып чыкты да, жеке бийликтин кайрымжысы болбостугун мойнуна алып, оппозицияны сүйлөшүүгө чакырды. Конституциялык негизде бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыздоо, коомдо ынтымак-ырашкердикти орнотуу амалында бийлик менен анын каршылаштарынын ортосунда иштиктүү аракеттер жүрдү. Президент А.Акаев Конституциялык Кеңешменин ишине олуттуу маани бере тургандыгын ачыкка чыгарды:

- Конституциялык реформага киришүү менен биз республикада түзүлгөн демократиялык жетишкендиктерди дыкаттык менен талдап чыгууга тиийишпиз.

Кыргыз коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев Конституцияны улам-улам
алмаштыруудан мурда анда жазылгандарды так сактоо зарыл деп эсептейт:

- Конституцияны алып баруучу кишилер аны темирдей бекем сактабаса, бул дагы мурдагыдай болуп калып кетет.

Кыргызстан юристтер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Кененбаевдин пикири боюнча, азыркы Конституциянын жаңы редакциясынын талкуусунда жоопторго салыштырмалуу суроолор арбын болду.

Кыргызстандын Башмыйзамы кезектеги оңдоп-түзөтүүлөрдөн башы чыгалекте айрым саясий ишмерлер аны дагы өзгөртүү зарылдыгын айта башташты. Мындан келди, конституциялык редакция дагы кыйлага созулчудай түрү бар. Анын үстүнө Кыргызстан өткөөл мезгилде жашоодо. Мындайда далай нерсе убактылуу болушу ыктымал.
XS
SM
MD
LG