Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Балдардын жайкы эс алуусуна өкмөт кам көрөт


БИШКЕК. Быйыл Кыргызстандагы балдардын жайкы эс алуусуна атайын түзүлгөн республикалык штаб кам көрөт. Штаб өкмөттүн токтому менен түзүлдү жана токтомго ылайык бардык мамлекеттик мекеме-уюмдардын алдына балдардын жайкы эс алуусун ырааттуу уюштуруу милдети коюлду. Андан тышкары, балдардын эс алуу жайларын жабууга же башка багытта пайланууга тыюу салган чараларды көрүү жана орто мектептердин алдында балдардын убактылуу эс алуу лагерлерин уюштуруу тапшырмасы берилди. Финансы министрлиги жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын эс алуусун уюштуруш үчүн 3 миллион сом бөлдү. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG