Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Жеймс Шарп Ошто болду


ОШ. Элчи Жеймс Шарп мырза бул күнү губернатор Накен Касиевдин кабыл алуусунда болуп, региондогу жакырчылыкты жоюу жараянынын жүрүшүнө, баңгилердин, СПИД илдетин жуктургандардын көбөйүш себептерине, айрыкча Өзбекстан менен болгон чек ара катнаш маселелерине кызыкты. Кечке таяп Ошко Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министри Клэр Шорт айым Ташкенден учуп келип, оболу шаар борборундагы «Алымбек датканын айлы» боз үй комплексинде болду. Андан кийин өзү жетектеген министрлик жардам берип жаткан СПИДге каршы күрөш борборунун иши менен таанышты. Британ министри Клэр Шорт айым Ошто Орто Азия өлкөлөрүнүн бизнес-форумуна катышып, кыргыз президенти Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрөт да, өзбе–кыргыз чек ара бекеттеринде болот.

XS
SM
MD
LG