Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кыргыз президенти Европа Банкынын жыйынына катышты


БИШКЕК. Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын Ташкен шаарында кечээ өткөн жылдык жыйынына президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө форумга катышып жаткан регион мамлекеттери биринчи кезекте аткара турган маселе - эркин соода жүргүзүү эрежесин киргизүү жана энергетика тармагын өнүктүрүү экенин билдирди. Президент жекшемби күнү Ташкенде форумдун алкагында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын президенти Жан Лемьер менен жолугушуп, анда бул банк тарабынан Кыргызстанда каржыланып жаткан долбоорлор тууралуу сөз болду. Аскар Акаев форумдун соңунда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулады. Мамлекет башчысы ошондой эле Жапониянын финансы министри Масаджуро Шиокава, Швейцария Конфедерациясынын экономика министри Жозеф Дайс, ханзаада Ага Хан менен жолугушуп, алардын Кыргызстанда билим берүү, ишкерликти өнүктүрүү, илим жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирген. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG