Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

ИРАКТА САДДАМДЫН РЕЖИМИНИН КУРМАНДЫКТАРЫНЫН КӨРҮСТӨНДӨРҮ ТАБЫЛУУДА


Саддам режиминин кылмыштары жөнүндө көп эле айтылып келет. Өлкөдөгү бийлик алмашкандан бери ошондой ырайымсыздыктын дагы бир үрөй учурган далили маалым болду. Атап айтканда, ирактыктар мурда элден жашырылып келген жалпы көрүстөндөрдү табышты. Алар мүрзөлөрдүн кээ бирлерин казып, өз жакындарынын сөөктөрүн издей башташты. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары көрүстөндөрдү биринче кезекте атайын адистер изилдеп чыгышы керек деген пикирин билдиришүүдө.

Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун болжолунда, Саддам режими учурунда Иракта 200 миңдей киши дайынсыз жоголгон. Алардын көпчүлүгү, уюмдун ырастоосунда, миңдеген жалпы көрүстөндөрдө тымызын көмүлгөн.
Режим алмашып, согуш аяктаганы, ирактыктар жылдар бою жашыруун сыр болуп келген көрүстөндөр жөнүндө маалыматтарды ортого чыгара башташты.

Баш калаа Багдаддан алыс эмес жайгашкан Нажаф шаарынын чет жакасындагы көрлөрдөн миңдеген тургундар өз жакындарын издеп, мурда айрымдарына эле белгилүү болуп келген жалпы мүрзөлөрдү казып киришти. Албетте, он жылдап жер алдында жаткан сөөктөрдүн кимге таандыктыгын аныктоо кыйын. Көрүстөндөрдөн чоң кишилер менен катар кичинекей балдардын сөөктөрү да табылууда. Мындагы жашыруун жайлардан 80ге жакын адамдын сөөгү казылып алды. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары мүрзөлөрдү биринчи кезекте адистер изилдеп чыгышы керек деген пикирин айтышууда. Анткени туш келди казуулар курман болгондордун аты-жөнүн аныктоо иштерине жана Саддам режиминин мыкаачылыгын мыйзам түрүндө далилдөөгө тоскоол болмокчу.

“Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлү Питер Букарт “ирактыктар жылдар бою өлүм коркунучу алдында үн чыгарбай, эми жакындарын издей баштаганы түшүнүктүү, бирок кылмыштардын айныксыз далилдерин сактап калышыбыз зарыл”, - дейт. Уюм АКШ аскерлерин атайын адистер келгенге чейин бейиттерди коргоого үндөдү. Иракка чакырылган изилдөөчүлөрдүн тобу буга чейин Косоводо жана Ооганстанда иш алып барган. Букарттын айтымында, укук коргоочуларда өлкөдөгү нечендеген жалпы көрүстөндөр жөнүндө маалыматтар бар. “Бирок эксперттер келмейинче бул маалымат ачыкка чыгарылбайт”, - деп кошумчалады укук коргоочу.

Бирок Ирактын көпчүлүк шаарларында, өзгөчө шийилер жашаган ар бир жерде ушундай мүрзөлөр бар экени шексиз болуп калды. Өлкөнү 24 жыл бою бийлеген, ырайымсыз репрессиялары менен белгилүү болгон Баас партиясынын бардык кылмыштарын ачуу үчүн дагы далай убакыт талап кылынат.

Мисалы, 50 миң тургуну бар Хилла шаарынын шийи жашоочулары 1991-жылдын март айында Саддамга каршы көтөрүлүшкө чыгып, демонстранттар менен полиция күчтөрүнүн кагылышууларынан көптөгөн бейкүнөө адам набыт болгон. Акция басылгандан кийин Хусейндин тымызын иштеген коопсуздук күчтөрү шаарды үймө үй кыдырып, бир катар хиллалыкты абактарга салган. Камалгандардын көбү ошол бойдон үйлөрүнө кайткан эмес. Күбөлөрдүн айтымында, демонстрация маалында курман болгондор менен түрмөдө жок кылынгандар ал-Бакр мечитинин жанындагы көрүстөнгө көмүлгөн.

Жаббар Карим аттуу жергиликтүү тургун ошол окуялар учурунда 4 уулунан ажыраган. Анын 21 жаштагы Мохи деген баласы демонстрацияда ок жеп курман болгон. Калган үчөө полиция тарабынан кармалып кетип, дайынсыз жоголгон. Жылдар бою карыя Мохи уулунун сөөгүн издеп, диний ырым-жырымдарга ылайык жерге берилсин деген үмүт менен жашап келди. Аскерлерге пара берип, Жаббар мечиттин жанындагы көрүстөн жөнүндө кабардар болот. Бирок ал жай “тарыхый эстелик” деген шылтоо менен катуу кайтарылып келгендиктен Жаббар көрүстөнгө жете алган эмес. Ал тургай мындай аракети үчүн беш ай камакта жатып чыгып, “бейитке кайтып келбейм” деп кагазга кол койууга мажбур болгон. Өткөн ишембиде Жаббар Карим массалык көрүстөн жөнүндө америкалык аскерлер менен шаардын жаңы акимине айтып берди. Ал эми дүйшөмбүдө 12 жыл бою издеп жүргөн баласынын сөөгүн таап, анын тажыясына даярдана баштады. Бирок баары эле Жаббар карыя сыңары жакындарын оңой эле таба алышпайт. Үйүлгөн сөөктөр менен чириген кийим-кеченин арасынан туугандарына таандык буюмдарды издеп жаткан кишилердин бири Хашмиа айылынан келген Расмиа Ясим: “Эмне кылаарды билбей калдым”, - дейт.

Сталинизмдин нечендеген курмандыктары эптеп-септеп казылган орток көрүстөндөрдө кала берген мурдагы Советтер Биримдигинин миллиондогон кишилери үчүн карапйым ирактыктардын кайгысы түшүнүктүү. Ар бир адам өз жакынынын өлүү-тирүүсүн аныктап, өлүү болсо, сөөгүн аруулап жерге кайра коюп, көксөсүн сууткусу келет. Тоталитаризм менен кош айтышуунун дагы бир жолу – ушул.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG