Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНА 10 ЖЫЛ БОЛДУ


5-майда эгемен Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 10 жыл толду. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү конференция уюштурду.

Конференцияга кыргыз парламентинин үч муундан турган өкүлдөрү, бийлик бутактарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Конституциянын таржымалы боюнча президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова сөз сүйлөштү.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы «Мамлекеттик эгемендик тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү» 1990-91-жылдары кабыл алынган декларациялардын негизинде түзүлгөн. Кыргызстандын «легендарлуу парламент» атыккан алгачкы Жогорку Кеңеши бул Башмыйзамды даярдоого эки жыл убакыт короткон. Президент Акаев конференцияда сүйлөгөн сөзүндө мындай деди:

- Ал мурдагы негизги мыйзамдардан коом менен мамлекеттин, адамдын мамилелери, мамлекеттик бийликтин өзүнүн түзүлүш принциптери боюнча түп–тамырынан бери айырмаланды. Көп жылдаган идеологиялык тоталитаризмден кийин биринчи жолу көп партиялуулук жана мамлекеттик бийликти партиянын таасиринен четтетүү принциптери киргизилди. Биринчи жолу адам укуктары жана эркиндиктери артыкчылык катары белгиленди.

А. Акаев ошондой эле эл аралык коомчулук постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен мыкты Конституциялардын бири катары тааныган бул Башмыйзамды иштеп чыгууда «легендарлуу парламенттин» Чолпон Баекова, Сулайман Иманбаев, Апас Жумагулов, Төлөгөн Касымбеков, Михаил Логвинов өңдүү мүчөлөрүнүн ысымдарына басым жасады.

1990-жылдын февралында шайланган «легендарлуу парламентке» Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да өз баасын берди. Анын айтымында, салыштырмалуу демократиялуу жол менен шайланган 350 депутат эски Конституцияны реформалап, президент институтутун киргизип, Аскар Акаевди биринчи президент кылып шайлаган, демократиялык жана рыноктук реформанын пайдубалын түзгөн.

- Жаңы Кыргызстандын тарыхында анын орду революциялык болбосо да, өтө салмактуу, - дейт Абдыганы Эркебаев. - Ошондуктан, учурдан пайдаланып, «легендарлуу Жогорку Кеңештин» депутаттарын, анын ичинде төрага Медеткан Шеримкуловду да куттуктайм. Чынында эле ал доордун бурулуш мезгилинде консервативдик жана демократиялык күчтөрдүн күрөшүндө болуу менен, өзү ошол саясий күрөштүн курмандыгы болду.

Ал эми «легендарлуу парламенттин» ушул жыйынга катышкан төрагасы Медеткан Шеримкуловдун пикири боюнча, башка мыйзамдар сыяктуу эле Башмыйзамдын да өзгөрүп-толукталып турушу - мезгил талабы. Бул жагынан 2003-жылдын 2-февралында кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы да элге кызмат кылаарында шек жок. Ушундай пикирдеги саясатчы М. Шеримкулов Башмыйзамдын экинчи өңүтүн минтип белгиледи:

- Кептин баары Конституцияны туура пайдаланууда. Эгерде, айрым жоболорун туура эмес пайдалана турган болсок, авторитаризмге да жол ачуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Маселен, 53, 53-беренелерди карап койсоңор болот. Ошол беренелер элдин кызыкчылыгына, биз аракеттенген демократиялык мамлекетти, жарандык коомду курууга пайдаланылса, бул Конституция дагы көп жылдар бою бизге иштеп берет деп ойлойм. Бирок, коом ушунчалык тез өзгөрүп жаткандыктан, бул Конституцияга да жаңы өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Менин оюмча, жакынкы беш жылдын ичинде ага сөзсүз дагы өзгөртүүлөр киргизилет.

Ал эми мамлекет башчысынын пикири боюнча, Конституциянын жаңы редакциясы коомду демократиялаштыруу багытындагы аракеттерди тереңдетүүгө жарамдуу мыйзам. Ошондуктан, алдыда мыйзамдарды Конституцияга ылайыктоо багытында чукул, иштиктүү аракеттерди көрүү милдети турат. Президенттин айтымында, Башмыйзамга ылайыктоочу 20га чамалаш мыйзам бар. Мындай мыйзамдардын катарында шайлоо системасын өркүндөтүү багытындагы мыйзамдар да бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG