Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Түндүк Корея АКШ алардын шартына көнбөсө сүйлөшүүлөрдөн баш тартаарын эскертүүдө


Түндүк Кореянын партиялык "Родон Синмун" гезитинин жазганына караганда, Вашингтон Пхеньяндын демилгелерин тоотпой койгон. Газета ал кандай демилгелер экенин көргөзгөн жок ,бирок мурадараак америкалык дипломатттардын билдиргенине караганда, жакында Кытайда болгон сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея АКШ дипломатиялык чегинүүлөргө баруу менен олуттуу экономикалык жардам көргөзсө өзөктүк куралдар программасынан баш тартаарын маалымдаган. Түндүк Кореянын сунуштарын комментарийлеп, Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер "Вашингтон Пхеньянга жосунсуз жоруктары үчүн сыйлык ыйгарбайт", деп айткан эле. Америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин маалыматына караганда, Вашингтон өз саясатын өзгөртүп, мурда Түндүк Корея өзөктүк материалдарды өндүрүүсүн алдын алууга аракеттенип келсе, эми алар ээ болуп алган өзөктүк материалдарын экспорттошуна жол бербөөгө умтулмакчы.

XS
SM
MD
LG