Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Ирактын утурумдук өкмөтү ушул айдын орто ченинде түзүлөөрү күтүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн Багдадда өлкөнүн америкалык убактылуу администрациясынын башчысы Жей Гарнер билдирди. Жей Гарнердин айтымында, 9 саясий ишмерден турган топ Ирактын жаңы бийлигинин өзөгү болот. Ага түрдүү саясий партиялардын, улуттук жана диний тайпалардын өкүлдөрү кирет. Жей Гарнер кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн бүгүн Ирактын экинчи ири шаары - Басрага барды. Ал эми өлкөнүн үчүнчү ири шаары – Мосулда 24 адамдан турган убактылуу бийлик өкүлдөрү шайланды. Британия 12 жылкы тыныгуудан кийин Ирактагы туруктуу дипломатиялык өкүлчүлүгүн кайра ачты. Ал эми Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЕ уюму АКШга кайрылып, радиоактивдүү заттар уурдалды деген маалыматтарды текшерүү үчүн Иракка уюмдун эксперттерин жиберүүнү өтүндү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG