Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

ИРАК СОГУШУНУН КЭЭ БИР ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага Аскерий эксперттеринин айтымында, Ирак согушу учурунда америкалык жана британиялык аскерлер дүйнөгө алдыңкы курал жана технологияны гана көрсөтпөстөн, адистештирилген армиянын күчү канчалык жогору экендигин далилдеди. Иракта аскерий милдетти өзүнө адистик кылып алган катардагы солдаттар аскерге милдеттүү түрдө чакырылгандардан алда канча жакшы согушаары көрүндү.

Акыркы мезгилде ар башка мамлекеттер адистештирилген армия түзүп, өтөгөн кызматы үчүн аскерлерге контракттык негизде акы төлөө системасына өтө баштады. Көпчүлүк эксперттердин баамында, келечекте дүйнөнүн негизги өлкөлөрү ушундай адистештирилген аскер күтүүгө өтөт.

Иракта согушкан АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери - адистештирилген армия. Алар үч аптанын ичинде Ирак куралдуу күчтөрүн талкалады. Бул - ушундай армиянын артыкчылыктарынын бири катары бааланууда. Анткен менен Европанын бардык эле мамлекеттери армияда кызмат өтөгөндөр менен контракт түзүү жолуна өтө элек жана анын эң негизги себеби - андай адистештирилген армия кармоо өтө кымбат экени менен байланыштуу.

Мисал үчүн, Европада акыркы мезгилде Голландия, Белгия, Испания, Италия жана Франция ыктыярдуу аскер түзүүгө киришти, бирок Дания менен Норвегия азырынча ага каршы. Бул маселе боюнча Алмания жетекчилигинде дагы көптөн бери талкуу болуп келатат, бирок маселе чечиле элек, анткени өлкөдөгү абалдын өзгөчөлүктөрү бар. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин немис жетекчилиги өлкөнүн ар бир жараны милдеттүү түрдө армияда кызмат өтөөгө тийиш деген эрежени атайылап кеңири киргизген.

Брюссель шаарында жайгашкан Европа саясатын изилдөө боюнча борбордун аналитиги Мариус Ваальдын айтымында, милдеттүү аскерий кызмат Алманияда жогорку саясий мааниге ээ: "Бир топ өлкөлөрдө аскерий кызматты милдеттүү түрдө өтөө саясий мааниге ээ, аны Алманиянын мисалында көрсө болот. Андай аскер Алманияда - армиянын үстүнөн өкмөт тарабынан аскерий эмес көзөмөл бар экенинин жана армия менен коом ортосунда эч кандай ажырым жок экенин даана көрсөтөт". Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Алманиянын жетекчилиги армияны өкмөттүн артында турган күч эмес, жөн гана коомдун бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракеттенип келген.

Анткен менен, аталган маселеде "адистештирилген" деген түшүнүк катардагы аскерлерге гана таандык, анткени кайсы болбосун өлкөдө качан болбосун жогорку аскерий кызматкерлер сөзсүз адистер болууга тийиш, антпегенде аскер жакшы аскер боло албайт. Тек кана кээ бир өлкөлөрдө, мисал үчүн Америка Кошмо Штаттарында, эң жогорку аскерий кызматка аскерий эмес адам дайындалат.

Катардагы аскерлер адис болуп, аларды башкаргандар адис болбогондо, ал канча проблема жаратаарын Орусиянын мисалында көрсө болот. Маскөө дагы акыркы жылдарда адистештирилген армия түзүүгө киришип, солдат-сержанттар менен контракт түзө баштаган. Бирок орусиялык эксперт Павел Фельгенгауэрдин айтымында, андан кошумча түйшүк гана пайда болду. "Орус армиясында бардык нерсе ыдырап-бүлүндү. Катардагы аскерлерди адистештирүү азыр эч натыйжа бербейт, тескерисинче, ал маселени ого бетер курчутат. Ылдыйкы баскычтагы офицерлер адис болбогон учурда катардагы жоокерлер менен контракт түзгөндө, армия жөн гана мас бандага айланып кетет экен. Андай фактылар Орусияда көп. Мисал үчүн, Чеченстандагы орус армиясынын кээ бир бөлүктөрү жалаң контракт негизинде кызмат өтөгөн катардагы жоокерлерден турган, бирок аларды башкаруу сапаттуу болбогондуктан, алардан мурдагы эле милдеттүү аскер жакшы болуп чыккан. Бул - факт".
XS
SM
MD
LG