Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

УЛУУПАМИРЛИКТЕРДИН КУРУЛТАЙДА КОЮЛЧУ КУРЧ МАСЕЛЕЛЕРИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Бүткүл дүйнө кыргыздарынын курултайына саналуу убакыт калды. Ага кимдер чакырылат? Келген коноктордун каалоо-тилектери кандай болот? Аталган курултайда дүйнөнүн төрт бурчунан келген кыргыздар олуттуу проблемаларды ортого чыгарышы талашсыз. Бул жагынан өзгөчө Түркияда жашаган кыргыздардын өтүнүчтөрү көп болчудай.

Түркиянын Ван ооданындагы Улуупамир айылында жашаган кыргыздар август айында өтүүчү курултайга өзгөчө маани берип жатышат. Былтыр күзүндө айтылуу ажы Рахманкул хандын баш увазири Айтмамат ажы Бишкекке келип, элдин өтүнүчтөрүн айтыш үчүн 10 күндөй Ѳкмѳт Үйүн айланып, бирок жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугуша албай кеткенине күбө болгон элек. Андан бери маал-маалы менен улуупамирликтер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алардын көйгөйлүү маселелерин, Кыргызстанга болгон сагынычын, кусалыгын «Азаттык» аркылуу угармандарга жеткирип келүүдөбүз. Биздин кабарыбыз боюнча, Курултайдан алардын башкы үмүтү - Ооганстандан туугандары келсе, 20 жылдан берки үзүлгөн байланышты улап, алар менен жүз көрүшүү. Андан соң Кыргызстанга көчүп келүүнү эңсеген үй-бүлөлөрдүн көчүп келишине уруксат алуу. Түркиянын өзүнөн, азыркы жашап турушкан айылынын жака-белинен жер бөлдүртүп алууга көмөк суроо. Өлкөдөгү жогорку окуу жайларынан атайын квота бөлдүрүп, балдарын окутуу жана Улуупамир айылына кыргыз мугалимдерин жыл сайын жиберип туруу.

Алардын айтымында, айыл мектебине башта Кыргызстандан мугалимдер барып иштеп турушса, азыр мындай саамалык да токтоп калган. Улуупамирликтер биринчи мугалим катары кабыл алып келишкен атбашылык Мухтар Алдековго Түркия өкмөтү тарабынан берилчү эмгек маянасы төлөнбөй калгандан бери ал да ишсиз калганын билдиришти. Кыскасы, Курултай учурунда алар айта турган маселелер бир топ.

Былтыр күзүндө Ѳкмѳт Үйүндөгү жетекчилер кабыл албай койгондон кийин биздин студиябызга келип, узак аңгеме куруп берген баш увазир Айтмамат ажы башта төрт-беш жолу мамлекет башчысы менен жолукканын, ага өзүнүн кеп-кеңештерин айтканын маалымдаган эле.

- Эми, туугандар, биз Түркияда 500 түтүн барбыз. 2300гѳ жакын адам бар, - деди Айтмамат ажы. - Илгери Алай, Ош, Мургап, толук Кыргызстандын топурагы биздин бабаларыбыздын чыккан жери. Биз Түркияда болсок да ата-бабабыздын киндик каны төгүлгөн жери Кыргызстанда болсок деген оюбуз бар. Урматтуу президентибиз Аскар Акаев менен мен 4-5 жолу көрүштүм. Мен ага: «Кыргыздарыңды чогултуп ал, «өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт» деген кыргыздын сөзү бар. Жакшыларга насаат берип, жамандарга тарбия бере турган өзүңсүң. Кыргыздын экинчи атасысың. Биринчи атабыз Манас, экинчи бабабыз сиз болуп калдыңыз» деп мен канча нерселерди айттым.

Ошондой эле Айтмамат ажы берилген убадалар эмдигиче аткарылбай, ага жооп алайын деген тилеги да ишке ашпаганын, Кыргызстанга эмне себептен көчүп келүүнү каалап жатканын мындай деп түшүндүргөн болчу:

- Биздин келгибиз келген себеби - өзүбүздүн ата-бабабыз жүргөн жерге жакын келсек дейбиз. Болбосо 100% биздин турмушубуз жакшы, өкмөттүн бизге камкордугу түзүк. Ошондой болсо да бир 50-60 үй келип турсак деген ойдобуз. Экинчиден, Кыргызстандын топурагын ар кимге таратып бермек болду. Биздин бабаларыбыздын топурагынан бизге берилбей калганына нааразыбыз. Биз тышка чыгып кетсек да, биздин акыбыз бар. Биздин акыбызды, топурагыбызды ажыратып берээр деген ойдобуз.

Демек, алдыдагы Курултайда жалаң гана мактоо сөздөр айтылбай, курч маселелер көтөрүлөөрү эмитен эле белгилүү болуп отурат.
XS
SM
MD
LG