Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

КЫРГЫЗ ТАРЫХЫН ОКУТУЛУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ


«Кыргыз мамлекетине 2200 жыл болду» деп дүйнөнү дүңгүрөткөнүбүз менен, ошол тарыхтын пайдубалы болгон окутуу, аны калайык-калкка жайылтуу маселесинде далай өксүктөр жатат.

Адегенде, азыркы кыргыз тарыхынын толгон-токой проблемалары өткөн Совет доорунан энчиге калганын эскерте кетиш абзел.

Совет доорунда кыргыз тарыхына көңүл бурулмак түгүл, ал окутулган эмес десек ашыкча болбос. Коммунисттик идеология боюнча ошол өлкө чегинде бирдей ойлонгон, улуттук маданият, тарыхын өгөйлөгөн, советтик бир идеяны кабыл алган эл жаралмак. Ал түгүл коом канчалык алгалаган сайын тил жоголуп, улуттук белгилер жоюлуп, калктар биригип, бир улут келип чыкмак. Минтип Ленин айткан осуяттар жадыбалдай мээге кадалып, өз тарыхын, тилин жериген «арзыматтар» арабыздан арбын чыккан. Арийне, коммунисттик идеологиянын максаты да «бакма республикаларды» өз тарыхынан обочо кармап, жалпылама бир тарыхты окутууда турган. Ал үчүн Москвадан «СССРдин тарыхы» деген предмет ойлонуп чыгарылган. Жалпыбызга белгилүү эмеспи, «СССРдин» дегени менен ал орус элинин тарыхы болчу. Мектепти бүтүргөндө «СССРдин тарыхынан» экзамен, жогорку окуу жайынын мамлекеттик экзаменинде «КПССтин тарыхынан» сынак берилчү. Башкача айтканда, орус элинин тарыхы КПССтин идеологиясы менен ширелип, коммунисттик коомдун артыкчылык ураандары кулагыңда жаңыргыдай абалда даярдык алчусуң. Мындай идеологиялык басымдын өкүмдүгү ушунда окшойт, азыркы Кыргызстан эгемендик алган шартта да мурдагы ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү «тарых» дегенди «КПССтин тарыхы» деп түшүнүп, «ал тарыхыңар бүтпөдү беле, кайсы тарыхты окутасыңар» деп түпөйүл түкшүмөлдөшөт.

Өкүнүчтүүсү - бүгүн деле кыргыз тарыхынын абалы, ага болгон мамиле мындай түркөйлүктөн арыла элек. Ал түгүл өлкөнүн аталышына энчилүү ысым болуп, элдин кылым кыйырындагы окуясын саймедирелеген кыргыз тарыхы азыр да асыранды абалда калып келет. Атап айтканда, тарыхчылар, илимпоздор, окумуштуулар кыргыздын тарыхы менен Кыргызстандын тарыхынын ортосундагы айрымачылыкты биле беришпейт, ажыратып айрымалап окутууга аракет кылышпайт. Күнкорсуз өлкөнүн идеологиясында, эркин саясатында алигүнчө кайсы тарыхты окутуу проблемасы чечилбеди. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, келечектен үмүт үзбөгөн мамлекеттер өз элинин, жеринин тарыхын өрнөк кылып алат, ийине жеткизе изилдеп, окутат. Ошондо барып бир өлкө чегинде биримдик пайда болуп, бөлөк калктар түпкүлүктүү элдин тарыхын, маданиятын өздөштүрүп, ага сый-урмат менен мамиле жасай баштайт. Коммунисттер бекеринен идеологиянын бир куралы катары тарыхты тандап албаса керек. Бул жагынан алганда тарых илиминин элди бириктирип, баш коштурууга, өлкө чегиндеги улуттардын ширелишине курал боло алгандай илимий-идеологиялык артыкчылыгы арбын.

Ошондуктан, мамлекет деңгээлинде билим берүүнүн бардык тармактарына - жогорку окуу жайларынан тартып, бала бакчага чейин, алардын менчик, энчисине карабай, кыргыздардын тарыхы окутулушу абзел. Ал үчүн мамлекеттик окуу стандартындагы «жалпы тарых» окуу предметинин ордуна «Кыргызстандын тарыхы» киргизилип, жалпы саат көлөмү көбөйтүлгөнү оң.

Бүгүнкү күндө окуу жайларынын эле саны көбөйбөй, алардын менчик тармагы да кеңейди. Тышкы өлкөлөр менен биргелешкен ЖОЖдор пайда болду. Алардын айрымдары өз кызыкчылыгына карап, чет мамлекеттин окуу стандартын кабыл алып жатышат. Өкүнүчтүүсү - анда кыргыз тарыхына орун табылбай калган жагдай арбын кездешет. Балким «мындан трагедия чыгаруунун кажети жок» дегендер арабыздан арбын чыгаар. Жок, кыргыз элинин, кыргыз өлкөсүнүн трагедиясы да, эң чоң кемчилиги да так ушул өз тарыхын сыйлабаганда турат. Эгер бир өлкөдө жашап, анын ички турмушуна кайнап, коомдук мамилелерге катышып жаткандар, түпкү элдин тарыхын, маданиятын билбесе, анда кантип анын өзүнө сый-урмат кѳрсѳтсүн? Буга чейин кыргыз жерин байырлап келген элдер дагы, кыргыздарга, алардын тарыхына, маданиятына кызыккан эмес. Азыр деле эки-үч кыргыздын башы бириксе «биз начарбыз, эгер азыр арабызга бир орус же өзбек келсе ошонун тилинде сүйлөшөбүз» деп кайгырып калышты. Кээси муну «элибиз ийкем, тилге жатык үчүн ушундайбыз» дешет. Кыязы, мында элдин эбегейсиз бечаралык трагедиясы жатат. «Өзүн сыйлабаган, өңгөнү жарытпайт» шекилди, кыргыздар адегенде өзүн баалап, цивилизациялуу элдер арасында тарыхый ордун табышы зарыл. Ал үчүн билим адамдары кыргыз тарыхын терең изилдеп, китеп жазып, болгондо да бала бакча, мектеп үчүн мекен тарыхын, маданиятын чагылдырган инсандарга арналган китеп жазышса. Муну мамлекеттик деңгээлде колдоого алганда гана кыргыз тарыхы өз ордун табат.
XS
SM
MD
LG