Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШнын ортолук батышы табигый апааттан жабыркады


Ырасмий бийликтердин маалыматы боюнча, Америка Кошмо Штаттарынын ортолук батышындагы Канзас, Миссуири жана Теннесси штаттарында дүйшөмбү күнү болгон чагылгандуу жаан аралаш куюндан кеминде 30 адам мерт болду, көптөгөн турак үйлөр кыйрады.
Жолоочулар Канзас шаарынын аэровокзалынан коопсуз жайларга көчүрүлдү.
АКШнын ортолук батышын жана түштүк бөлүгүнүн айрым аймактарын каптаган куюн аралаш жаан Арканзас, Түштүк Дакота жана Неброска штаттарына да катуу зыян алып келди.
Арканзазта табигый апааттан көптөгөн үйлөр менен ишканалар кыйроого учурап, электр мамылары жана жүк тартуучу автомобилдер оодарылып калган.
Анын кесепетинен Кентуки штатынын Луисвилл шаарында 24 миңдей турак үй менен ишканалар электр кубатысыз калды.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG