Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Жан Лемьер эмне үчүн “актанат”?


Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын төрагасы Жан Лемьер (Jean Lemierre) Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун европалык банктын жыйынын утурлай камактагыларды уруп-кыйноону токтотпогонуна карабай, жылдык жыйындын Ташкентте өткөрүлгөнүн жактоого алды.
Лемьердин сөзүнчө, Ташкенттеги жыйында граждандык коом жөнүндөгү талкууну ачык жүргүзүүгө карай ийгиликтүү кадам ташталды.
Президент Каримов жекшемби күнү банктын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын жетишкендиктерине өзгөчө көп маани берип, кыйнап-сабоолор тууралуу ооз ачкан эмес.
Батыштык ырасмий адамдардын айтымында, алар И. Каримов Улуттар уюмунун адам укугу, анын ичинде уруп-кыйноону токтотуу боюнча берген кеңештерин макул таап аткарат деген үмүттө.
Адам укугун коргоочу уюмдар Өзбекстанды Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын саясый-экономикалык критерийлерин аткарбады деп сындашкан.

XS
SM
MD
LG