Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Вэнь Цзябао өнөгөсүз өпкө илдети Бээжинде “ооздукталды” дейт


Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябаонун айтымында, Бээжин “SARS” же өнөгөсүз өпкө илдетине каршы күрөштө айрым ийгиликтерге жетишти, лекин өлкөдөгү кырдаал дале опурталдуу бойдон калууда.
Өкмөттүк “Синхуа” агенттиги кабарлаганга караганда, Вэнь дүйшөмбү күнү Бээжиндин түндүк четиндеги Цзяотаңшань ооруканасында болгон кезде коркунучтуу эпидемияны көзөмөлгө алуу үчүн дагы өтө көп иштер жасалыш керек деген.
“SARS” илдети жуккан кеселдерди дарылоочу Цзяотаңшань ооруканасыны 7 миңден көп жумушчу 8 күндө куруп бүтүшкөн.
Кытайда өнөгөсүз өпкө дартынан 206 адам каза болсо, анын 103ү Бээжиндин тургундары.
Учурда Бээжиндин ооруканаларында SARSтын вирусу жукту деп шектелген 16,5 миңге жакын адам текшерилип дарыланууда.
Дүйнө өлкөлөрүндө өнөгөсүз өпкө илдети 460тан көп адамдын өмүрүн алган жана анын вирусуна чалдыккан адамдардын саны 6300дөй.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG