Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

“Алкаидадан” сактангыла!


Өнөр жайы мыкты өнүккөн сегиз мамлекеттин юстиция жана ички иштер министрлери дүйшөмбү күнү Парижде өткөн кездешүүдө терроризмге каршы күрөштө мурдагыдан дагы ургаалдуу кызматташалы деп макулдашты.
Коопсуздук жаатындагы кызматташуу боюнча саммитте бекитилген чаралардын алкагында Кошмо Штаттары менен Франция жалгама документтерди аныктоочу биометрикалык техниканы өнүктүрүү боюнча жумушчу топко теңтөрагалык кылышат.
Жыйында “Алкаида” уюму боюнча жаңы эскертүү жарыяланды. Эскертүүдө алкаидачылардын Ооганстандагы негизги базалары талкаланганы менен, террорчу уюмдун коркунучу али да күчтүү деп белгиленет.
Франциянын ички иштер министри Николас Саркозинин (Nicolas Sarkozy) жыйындан кийинки сөзүнө караганда, “Алкаида” Чеченстан менен Грузияда операцияларды өткөрчү жаңы базаларды түзгөн болушу толук ыктымал.
1-3-июнда Францияда АКШ, Франция, Германия, Британия, Канада, Италия, Япония жана Россиянын лидерлеринин саммити болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG