Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

КАМЧЫБЕКТИН КАНАТТУУ ОБОНДОРУ


Камчыбек Букалаев – ар бир угуучуга ободон учкан шумкардай, алыска чабылган тулпардай таасирлерди калтырган ондогон мөлтүр патриоттук, лирикалык, балдар ырларынын автору. Ал чейрек кылымдан бери ар кыл жүрүштөрдөгү, түрдүү маңыздагы, түркүн маанайдагы обондору менен кыргыздын аттуу-баштуу ырчыларынын өздүк репертуарларын байытып, жүздөгөн угуучулардын руханий жан-дүйнөсүнө асылдануу нурларын сээп келет.

Таанымал обончу, ырчы, аккордеончу 1957-жылдын 4-октябрында, көргөндөрдү көркөмдүү келбети менен суктандырган Ысыккөлгө жакалай жайгашкан Чырпыкты айылында жарык дүйнөгө келген. Ал мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан тартып эки ата өткөн чоң атасы, залкар окумуштуу, атактуу акын-драматург Касым Тыныстановдун жолун жолдоп илимпоз, акын болсом деген балалыктын таттуу кыялына чөмүлөт. Бирок, Камчыбек акылы жетилип, эс киргенден баштап «кой, болор-болбос окумуштуу, толор-толбос акын болгондон көрө бактымды обондон табайын» деп, ыр дүйнөсүнөн бактысын издейт. Турмуштун нечендеген тайгак жолун, таштуу кечүүлөрүн кечет. Балапан кезинен ырга ышкысы арткан Камчыбек ордо калаадагы М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта аккордеон классынан педогог Дервиш Жумакеевден сабак алат. Бийчи Асылбек Бегалиев жетектеген бийчилердин ансамблине катышат. 1972-жылы Бишкектеги музыкалык-педогогикалык окуу жайына өтөт. Аны ийгиликтүү бүтүрөөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу факультетине кирет. Аны 1980-жылы ийгиликтүү аяктайт.

Камчыбек институттун жолдомосу менен Ысыккөл районунун Чолпоната шаарындагы «Аккуу» элдик ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчилигине дайындалат. Жаш адис жамааттын босогосун аттагандан тартып аткаруучулардын чеберчиликтерин көтөрүү, репертуарларын байытыш үчүн күн-түн дебей эмгектенет. «Саргара жортсоң кызара бөртөсүң» дегендей, көшөрө изденүүнүн, талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында «Аккуу» ыр-бий ансамбли аткаруучулук чеберчилигинин бийиктиги, репертуарларынын ар түрдүүлүгү, байлыгы, кызыктуулугу менен республиканын угуучуларын гана эмес, 1981-82-85-жылдарда Москвада, Тблисиде өткөн Бүткүл союздук эл чыгармачылыгынын фестивалдарынын да алкоолоруна арзыйт. Жаш жамаат Францияда, Болгарияда жана башка чет өлкөлөрдө чыгармачылык сапарда болот. Бейтааныш угуучуларга кыргыздын элдик музыкасынын кооз үлгүлөрүн тартуулап, кастарларына алынат.

1989-жылы Камчыбек уулу Алмаз менен Евпатория шаарында өткөн балдардын Бүткүл союздук музыкалык фестивалына катышат. Алмаз атасынын «Баканын ыры» аттуу ырын аткарат. Автордун ыры Орусиянын белгилүү музыканттары Юрий Саульскийдин, Евгений Доганын, Надежда Бабкинанын жогорку баасына татыйт.

Камчыбектин обончулук шыгы Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайында окуп жүргөн студенттик жылдарында жанат. Ал өзүнүн чыгармачылык башатын ошол кездерде жана азыркы тапта да көңүл бөлүнбөй көмүлүп келе жаткан балдар ырларын жазуудан баштайт. Автордун жаш жеткинчектердин турмушуна арналган «Ачык көңүл балдарбыз», «Биздин класс», «Баканын ыры» аттуу ырлары обондуулугу, бал татыган балдардын тилинде жазылгандыгы менен бөбөктөрдүн жан шеригине айланат. Чыгармалары келечек ээлеринин жүрөктөрүнөн түнөк тапканына шердене түшкөн Букалаевдин кыялын Ысыккөлдүн сулуулугу кытыгылайт. Ага болгон суктануусун, сүйүүсүн обон аркылуу берүүгө бел байлайт. Акын Турар Кожомбериевдин «Кереметтүү көл кечи» аттуу ырына обон чыгарат. Автордун жерден тилегени көктөн түшө калгандай болот. Алгачкы аткарылышынан жөнөкөй угуучулардын, атактуу ырчылардын ооздорунан түшүрбөй ырдашкан чыгармасына айланат. Эл аспаптар, симфониялык оркестрлерге салынат. Автор «Кереметтүү көл кечи» аттуу ырына удаалаш «Атың жакшы Ысыккөл», «Ысыккөлгө суктануу», «Издейм көлдүн аккуусун», «Түнкү кайык» аттуу көл жөнүндө ырлардын түрмөктөрүн жазат. Булардын ырдамдуулугу, обондуулугу менен залкар ырчылардын өздүк репертуарларынан түнөк табат.

- Камчыбек мырза, балдар ырларынан баштап, эл, жер, махабат жөнүндө ондогон ырларды жаздыңыз. Ошолордун ичинен чыгармачылыгыңыздын туу чокусу болгон ырыңыз барбы?

- Ар бир чыгармачыл адамдардай эле менин да жүрөгүм менен сүйүп чыгарган обондорум бар. Алардын бири - балдар үчүн жазган «Баканын ыры» аттуу обонумду айтсам болот. Бул ыр 20 жылдан бери жеткинчектердин ооздорунан түшпөй ырдалып келет. Ысыккөл жөнүндө бир топ ырлардын түрмөктөрүн жаздым. Алардын ичинен «Кереметтүү көл кечи» аттуу ырымды айтсам болот. Дүйнөлүк улуу ырчы Болот Миңжылкиев ырдап чыгат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ошондуктан мен чыгармачылыгымдын туу чокусу деп «Кереметтүү көл кечи» аттуу ырымды эсептейм.

Букалаевдин чыгармачылык ашканасына баш баксак, обондорунун элдик ыр берметтеринен оозанган аваздык көп түстүүлүктү, кайталангыс жекечилдик көркөм боекторду, угуучуларды, аткаруучуларды дароо туткундап алган кереметтүүлүктү туябыз. Мына ушундай касиеттүүлүктүн, ырдамдуулуктун шарапаты аркасында автордун обондору эл аспаптар, симфониялык оркестрлерге салынып, эл артисттери Саламат Садыкованын, Анарбек Ибраевдин, Улукмырза Полотовдун аткаруусунда өлбөс өмүргө ээ болду. Угуучулардын куштарлана угушкан жан шеригине айланды.

Акыркы кездерде Камчыбек «ар мезгилдин өзүнүн обону, ыры бар» деп, атайын бүгүнкү чыныгы профессионалдуу эстрада ырчылары Гүлнур Сатылгановага, Жылдыз Осмоналиевага, Султан Каримовго жана башкаларга багыштап «Булуттар», «Ыр десте», «Түнкү кайык», «Жалжалым», «Таазим», «Атың жакшы Ысыккөл», «Жылдыздар учат», «Жаштык ырым сенсиң бүтпөгөн» деген жаңы ыргактагы, боектордогу, стилдердеги эстрада ырларынын түрмөктөрүн жаратты. Алар да өз угармандарын тапты. Тилекке каршы, угуучуларды асылданткан ушундай обондорду чейрек кылымдан бери жазып, талбай изденип, тажабай эмгектенип келаткан таанымал обончу Букалаевдин эл алган наамдарды ала албай көмүскөдө калып келе жатышы таңкаларлык табышмак.
XS
SM
MD
LG