Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

КЫРГЫЗСТАНДЫК СИАМ ЭГИЗДЕРИНИН ТАГДЫРЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Орусиялык хирургдар Кыргызстанда эң биринчи ирет төрөлгөн сиам эгиздери Зита менен Гитаны ажыратышты. Кыздардын энеси Зумрият Резаханова 1991-жылдан бери чүрпөлөрүн сиам эмес, жөн гана эгиз кылуу далалаты менен канчалаган чет өлкөлүк адистер менен кат алышты. Зита менен Гитаны Германиянын жана Италиянын хирургдары келип көрүп, бирок аларды ажыратууга чоң акча талап кылышкан. Чүй боорундагы кичинекей кыштакта жашаган бул үй-бүлө үчүн 150 миң АКШ доллары түшкө да кирбеген каражат эле.

Сокулук районунун Западный кыштагында жашаган Зумрият Резаханова 1991-жылдан бери Зита менен Гитаны ажыратуу түйшүгү менен жашап келди. Ал сиам эгиз кыздарын үйүндө багууга шарт жоктон эмес, айрым адамдардын сөөмөй кезеген мамилесинен корунуп, Беловодскидеги майып балдар үйүнө жеткирүүгө мажбур болгон. Мындан 7 жыл мурда майып балдардын акыбалын гезитке жазыш үчүн Беловодскиге барып Зита менен Гитаны көргөм. Көпчүлүккө аралашпай темир керебетте жаткан экөө биз кирип барганда чоочуркаганынан чыркырап ыйлап жиберишкен. Колу-буту мунжу балдардан мурун коркок көздөрүн бакырайткан ушул кыздар көз алдыма кадалып калыптыр. Дал ошол кыздар азыр Москвадагы Филатов атындагы балдар клиникасында эки башка керебетте жатып алып, бирин бири алыстан көрүп атканына жетине албай турушат. Орусия хирургдары 26-март күнү эң оор операция жасап, Зита менен Гитаны ажыратышты. Мындай операция үчүн АКШнын жана Германиянын адистери 150 миң АКШ долларын сураса, орус дарыгерлери бир тыйын да алышкан жок. Жакында Москвага барган саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов Орусиянын колу жеңил хирургдарына кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратуу операциясын ийгиликтүү жасаганы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Бул кыздар - расмий маалымат боюнча Кыргызстандагы эң биринчи сиам эгиздери. Зита менен Гитадан бөлөк деле буга чейин жабышып төрөлгөн эгиздер болгон. Адистердин айтымында, аларды сиам эгиздери деп саноого негиз жок. Медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы Талант Өмүрбеков мындай дейт:

- 1980-жылы ушундай жабышкан эгиздер төрөлгөн. Бирок, аларды сиам эгиздери деп айтканга болбойт. Себеби, бирөөсү тирүү эмес болчу. Аны оңой эле ажыратып салганбыз. Дагы бир жолу бир баланын ичи чоңойо бергенден кийин рентген жасадым. Көрсө ичинде экинчи түгөйүнүн баш сөөгү, кабыргалары, ички органдары жабышып өсүп атыптыр, оңой эле операция кылып ажыратып салганбыз.

Бирок накта сиам эгиздерине операция жасаш оңой эмес болчу. Кыргыстандык ак халатчандар Зита менен Гитанын денесин медициналык жактан канча иликтеп, экөөнүн бирөө сыркоолоп калганда бир канча ирет сакайтышканы менен, операция кылууга даай алышкан жок. Буга Бишкектеги ооруканалардагы шарт гана эмес, кыргыз хирургдары бир да жолу сиам эгиздерин ажыратып көрбөгөнү тоскоол болду.

- Сиам эгиздери абдан сейрек жолугат да. Буларды ажыратууга сөзсүз кандайдыр-бир тажрыйба зарыл болчу. «Бири каза таап калышы ыктымал» деген коркунуч бизди токтотуп турду. Ал кезде ата-энеси бизге «экөө тең тирүү калышы керек» деген шарт коюшкан. Москва хирургдарына болсо «кыздарым операциядан кандай чыгышса да доомат артпайбыз» деп тил кат беришиптир, - дейт хирург Өмүрбеков.

Москванын белгилүү хирургу, профессор Эдуард Степановдун билдиргенине караганда, кыздардын акыбалы дурус. Бирок, азырынча балдак менен басканга эртелик кылат. Алдыда дагы бир канча операциялар күтүлүүдө. Аңгыча Бишкектеги дарыгерлер орусиялык кесиптештеринин ийгилигине чын жүрөктөн кубанып, Зита менен Гита өз жерине кайтып келгенде колдон келген жардамын берүүгө даяр турушат. Белгилүү ортопед Сабыр Жумабеков кандай операция болсо да бекер жасоону убада кылды.

Депутаттар Кубатбек Байболов менен Темирбек Сариев Зита менен Гитага Бишкектин борборунан үй сатып бергени жатышат. Бул кабарды укканда кыздардын ата-энеси кубанычтан буркурап ыйлап жиберишти. Зита менен Гита маңдай-тескей жатып алып китеп тиктеп, бири-бирине окуганын айтып беришет. Зита сүрөт тартканга шыктуу, Гита болсо жакшы ырдайт.

XS
SM
MD
LG