Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

«ЭППЛ» САТКАН ЫР-КҮҮЛӨР


Американын белгилүү компьютер компаниясы популярдуу ырларды сатуучу атайын веб-баракча ачты. Адистердин айтымында, жаңы долбоор кардарларды арзан музыка менен мыйзамдуу түрдө камсыз кылып, ошол эле мезгилде интеллектуалдык менчикти коргоого жардам берет.

Мындан ары музыка күйөрмандары өздөрүнүн сүйүктүү обон-ырларын “Эппл Компьютер” компаниясынын веб-баракчасынан сатып алышса болот. Бир ырдын баасы – бир доллар болмокчу. Компаниянын жаңы демилгеси АКШнын Үн жазуу өнөр жайы ассоциациясынын колдоосуна ээ болду. Аталган бирикме көптөн бери музыка, кино жана башка интеллектуалдык менчикти Интернеттен бекер көчүрүп алуу учурларына каршы күрөшүп келген.

Даңазалуу “Макинтош” компьютерин ойлоп чыгарган “Эппл” компаниясынын веб-баракчасында азырынча 200 миңге жакын ыр топтолгон. Бирок компаниянын өкүлү Стив Жобстун айтымында, бул сан жыл аягына чейин бир миллионго жеткирилет.

Буга чейин музыканы бекер сунуш кылган интернет компанияларга “интеллектуалдык менчикти уурдоодо” деген айып тагылып келген. Алсак, алгачкылардан болуп музыканы орток колдонууга сунуштаган “Напстер” компаниясы сотко берилип, өз ишин токтотууга аргасыз болгон. Андан айырмаланып, “Эпплдин” жаңы долбоору боюнча кардарлар музыкалык чыгарманы арзан баага сатып алууга, ал эми аткаруучулар менен авторлор жана үн жазуу фирмалары тийешелүү
акысын төлөтүп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Телебайланыш боюнча адистешкен Адам Тиерердин айтымында, музыкалык өнөр жай тармагында эмгектенгендер “Эпплдин” демилгесине жакындан көз салышат. Адис, ошондой эле, жаңы вебсайт оң натыйжаларга алып келээрин божомолдойт:

- Биз азыр музыка же кино болобу, интеллектуалдык менчикти мыйзамдуу жол менен пайдаланууга карай кадам жасалганына күбө болуудабыз. Жаңы ишкердик үлгү керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандырат деп ойлоймун.

1970-жылдары Голливуд ВиЭйчЭс (VHS) видеотасмалар компаниясынын базарга келүүсүн кубаттоо турсун, ага караманча каршы чыгып келген. Кинопродюсерлер видеотасмалар алардын кирешесин азайтат деген ойдо болчу. Натыйжада болсо, тескерисинче, 10 жыл ичинде кино өнөр жайы кинотеатрларга караганда тасмалар аркылуу көбүрөөк киреше чогулта баштады.

Тиерердин баамында, музыка өнөр жайы да киночулардай ката кылышууда. “Музыканы компьютер аркылуу бекер таркаткандарды айыптоонун ордуна, Үн жазуучулар ассоциациясы кичине кыймылдап, кардарлардын талаптарын ылайыктуу баага кантип орундата алабыз деген маселенин үстүнөн иштеши керек болчу”, - дейт Тиерер.

Питер Свайер өз кезинде президент Клинтондун администрациясында компьютердик менчик боюнча кеңешчи болуп иштеген. Азыр болсо Охайо университетинде укук боюнча сабак берет. Анын пикиринде, музыка өнөр жайчылары элди кымбат компакт-диск сатып алуу менен ыр-обондорду Интернет аркылуу бекер же арзан көчүрүү жолдорунун бирин тандоого аргасыз кылууда. “Бул туура эмес”, - деп эсептейт Свайер.

Адатта кардарлар бир-эки сүйүктүү чыгармалар үчүн дээрлик 17 доллардык диск сатып алганга мажбур. Эми болсо жагып калган ырларды интернеттен тандап жаздырып алып, кайда барсаң көтөрүп жүрө бересиң.

Адам Тиерер белгилегендей, музыка жана кино өнөр жайында эмгектенгендер керектөөчүлөрдүн талаптарын аткарып, ошол эле мезгилде өнөрпоздордун интеллектуалдык менчигин коргоо жаатында маркетинг стратегиясын иштеп чыгууда бир аз чыгармачыл болуулары зарыл.

- Биз өнөрпоздор жана башка чыгармачыл кишилер өздөрүнүн иши үчүн акысын алсын деген ниеттебиз. Бирок алар чыгармаларынын бирден бир көзөмөлдөөчүсү болуп калбашы керек. АКШнын интеллектуалдык менчикти коргоо саясатынын негизги принциби мына ушул. Ошон үчүн ырдын же кинотасманын кимдир бирөөлөр тарабынан ар кыл ыкмада колдонулуш учурлары эсептелип турушу шарт. Бул жерде кандайдыр бир тең салмактуулукка жетишишибиз керек.

Ошол эле мезгилде, адистер жаңы веб-баракчанын ачылышы музыкалык ууруулукка чекит койбойт деген пикирде. “Эппл” компаниясынын долбоору ишке ашырыла баштаган чакта, музыка өнөр жайчылары компакт-дисктердин баасын төмөндөтүшү зарыл. Антпесе, мыйзамсыз көчүрүп алуулар улантыла бермекчи, - дешет эксперттер.
XS
SM
MD
LG