Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУ КЫТАЙДЫН ТУРИЗМ ЖАНА СПОРТ ТАРМАГЫНА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗДИ


Бакыт Аманбаев, Прага Өткөн ишемби күнү Футболчулардын эл аралык федерациясы үстүбүздөгү жылы Бээжинде өткөрүлө турган аялдардын футбол боюнча эл аралык мелдеши өнөгөсүз өпкө оорусуна (“SARS”) байланыштуу өткөрүлбөй тургандыгын маалымдады. Мындан сырткары быйыл Кытайда боло турган бир катар эл аралык деңгээлдеги спорт оюндары да жугуштуу илдеттин айынан үзгүлтүккө учуроодо.

Футболчулардын эл аралык федерациясынын башчысы Роберт Контигуглиа (Robert Contiguglia) үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрынан 11-октябрына чейин Кытайда өтөөрү белгиленген аялдардын дүйнөлүк футбол мелдеши бул өлкөдө өткөрүлбөй тургандыгын ишембиде маалымдады. Мына ушуга байланыштуу дүйшөмбү күнү АКШнын футбол боюнча расмий өкүлдөрү Эл аралык футбол федерациясынын жетекчилери менен сүйлөшүү үчүн Цюрхке жөнөп кетишти. Ошондой эле мындай илдеттин айынан Кытайда 2008-жылы боло турган эл аралык олимпияда оюндарына даярдыктар да үзгүлтүккө учурады. Анткени салтка ылайык мындай чоң окуяга чейин аталган өлкөдө бир катар эл аралык оюндар өткөрүлүшү пландаштырылган.

Маселен, мындан бир нече күн илгери велосипедчилердин Эл аралык бирикмеси велосипед тебүүчүлөрдүн жарышын үстүбүздөгү жылдын 30-июлунан 3-августка чейин Кытайдын Шэньян шаарында өткөрүү маселеси азырынча күмөндүү экендигин жарыялады. Ага удаа эле Австалия менен Франция велосипедчилердин жарышына өз командаларын жөнөтпөй тургандыгын эскертишти.

Мындан сырткары коркунучтуу ооруга байланыштуу аялдардын хоккей боюнча эл аралык мелдеши 3-апрелде Бээжинде өткөрүлбөй калды.

Ошентип, күтүүсүз пайда болгон илдет Кытайдын чоң спортуна олуттуу тоскоол болууда. Айрым спорт талдоочуларынын пикиринде, 2008-жылы Кытайда эл аралык олимпиада болобу же жокпу азырынча белгисиз.

“Азаттыктан” мурда кабарлангандай, өнөгөсүз өпкө оорусунун белгилери адегенде, өткөн жылдын ноябрь айында Кытайдын түштүк аймагында катталган. Андан бери мындай жугуштуу оору менен ооругандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, бир катар дүйнө өлкөлөрүнө тарады. Эл аралык массалык маалымат каражаттардын кабарлоосунда, илдет Кытайдын ордо калаасы Бээжиде көп жайылууда. Бээжин акимиятынын кабарлоосуна караганда, учурда аталган шаарда 1347 адам “SARS” илдетине чалдыккан.

Ал эми дүйшөмбү күнү Кытайдын ордо шаарынын саламаттыкты сактоо бюросунун башкы директорунун орун басары Лиаң Уанниан (Liang Wannian) буларды билдирди:

20-апрелден баштап Бээжинде өнөгөсүз өпкө оорусу менен ооругандардын саны өстү. Ал эми 21-апрелден мындай илдеттке чалдыккандардын саны эң жогорку чекке жетти. Мындан ары кандай болот билбейбиз. Биз азыр майдын биринен берки маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен күтүүдөбүз.

Ал эми Эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун кабарлоосуна караганда, жалпысынан Кытайда 3303 адам оорунун вирусун жуктуруп, бүгүнкү күнгө чейин 197 адам каза болду. Мына ушуга байланыштуу аталган уюм дүйнө коомчулугун Кытайга, Гонконгго азырынча барбай турууну эскертти.

Ошентип, бул коркунучтуу оору Кытайдын спорт жана туризм тармагына өзгөчө оор кесепетин тийгизүүдө.
XS
SM
MD
LG