Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Пакистан да Индияга «жакшы ыкласын» көрсөттү


Пакистан 6-апрель күнү Индия менен болгон унаа каттамдарын калыбына келтирди.
Премьер-министр Зафарулла Хан Жамалинин билдирүүсүнө караганда, Исламабад жакын арада Индия менен дипломаттык жана спорттук байланышын да толук калыбына келтирет жана ал эки мамлекет Кашмир чатагын жөндөй алат деген ишеничте.
Кашмир штатын талашып Индия жана Пакистан жарым кылымга жакын аралыкта эки ирет согушкан.
Жамали ошондой эле Индиялык өнөгү, премьер-министр Важпайини Пакистанга конокко чакырды:

- Мен Индиянын премьер-министри, мырза Атал Бехайи Важпайини Пакистанга ырасмий сапарга чакырдым. Ал Пакистанга каалаган күнү келсе күтүп алынат. Мен, ошол эле учурда, эгер Түштүк Азия регионунда тынчтыкка жолтоо болчу кандайдыр бир тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар болсо, аларды чечүү үчүн зарыл келсе Индияга барууга даярмын.

Индия Пакистан менен болгон дипломаттык жана аба байланышын өткөн жумада калыбына келтирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG