Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Өнөгөсүз өпкө илдети Евросоюздун тынчын алууда


Европа Биримдигине өнөгөсүз өпкө илдетинин вирусу жайылган өлкөлөрдөн келген бардык адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө сунуш айтылды.
Мындай сунуш Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин шейшемби күнү Брюсселде болгон кезексиз жыйынында жасалды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Гро Харлем Брундтланд айым министрлерге коркунучтуу эпидемиянын масштабы кыскарды деп айтууга эрте экенин эскертти:

- Кытайга көз чаптырсак, өлкөдө өнөгөсүз өпкө дарты али токтотула элегин жана кээ бир провинцияларда ар күнү адамдар бул дартка чалдыгып жатканын көрөбүз. Кытай өтө кооптуу райондордун бири. Кытайда өнөгөсүз өпкө илдетине чалдыккан адамдар башка өлкөлөргө караганда бир кыйла көп.

Брундтланд айымдын айтымында, илдет Канада менен Вьетнамда азайган, бирок Гонконгдо Кытайдагыдай эле алиге токтотой элек.
Бүгүнгө карай дүйнөдө САРС вирусу 479 адамдын өмүрүн кыйды. Вирус жуккан адамдардын саны 7 миңден көп.

XS
SM
MD
LG