Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Пол Бремер - Ирактагы америкалык убактылуу администрациянын жаңы башчысы


Мурдакы АКШлык элчи Пол Бремер Ирактагы америкалык убактылуу жарандык администрациянын жаңы башчысы болуп дайындалды.
Пол Бремер бир жылдары Мамлекеттик департаменттин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеген, ошондой эле Уильям Рожерс жана Генри Киссинжер Мамлекеттик катчы кезинде алардын жардамчысы болгон.
Президент Буштун сөзүнчө, Пол Бремер башындагы администрацияга Иракты демократия жолуна чыгаруу милдети жүктөлгөн:

- Бремер өтө тажрыйбалуу жана иштин көзүн билген адам. Ал киришкен жумушун кантип аягына чыгарганды билет. Ал көпчүлүк америкалыктар аздектеген баалуулуктарды урматтайт. Биз Ирактын үлгүлүү, эркин жана бейкут өлкөгө айлануусун жана анын жарандары көздөгөн тилегине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун чын жүрөктөн каалайбыз.

Ирактагы АКШлык жарандык администрациянын мурдакы башчысы, отставкадагы генерал Жей Гарнер Бремер жетектеген топто калат.

XS
SM
MD
LG