Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кыргызстан Акыйкатчысынын Баткен облустук бөлүмү иштей баштады


БАТКЕН. Кыргызстан Акыйкатчысынын Баткен облусундагы өкүлү болуп Пазилет Тажыбаева дайындалды. Анын бүгүн «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, Баткен облусунда Акыйкатчынын кеңсеси эки жерде - облус борборунда жана Кызылкыя шаарында болмокчу. Учурда кеңсе үчүн Баткен шаарында облустук гезит редакциясынан, ал эми Кызылкыяда - кесипчилик-техникалык окуу жайынын имаратынан бөлмөлөр берилди. Бирок тиешелүү эмерек жана телефон байланышы менен камсыздоо жагы азырынча чечиле элек. Акыйкатчынын өкүлүнүн жардамчысы катары Кызылкыяда Айнура Сулайманова, ал эми Баткенде Уулжан Сейитбекова менен Закир Темировдор иш башташты. Акыйкатчынын облустагы өкүлү Пазилет Тажыбаева - кесиби боюнча математика мугалими.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG