Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Кыргызстанда улуттук валюта киргизилгенине 10 жыл болду


БИШКЕК. Кыргызстандын улуттук валютасы - сомдун жүгүртүүгө киргизилгенинин 10 жылдыгында инфляция ооздукталып, сомго болгон калктын ишеними артып баратат. Бирок улуттук валюта толук бекемделе элек. Анткени ага тышкы таасир коркунуч келтирип турат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Улуттук Банктын башчысы Улан Сарбанов билдирди. Анын айтымында, сомдун акыркы төрт жыл ичиндеги туруктуулугунун сакталышы менен улуттук валютаны кармоого аз каражат сарптала баштады. Ал эми Улуттук Банктын валюталык резерви 328 млн. долларга жетти. Маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, Улуттук Банк сомдун киргизилгендигинин 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата номиналдык баасы 10 сомдук эки түрдүү күмүш монеталарды чыгарды. Күмүштөн жасалып, алтын чачыратылган ал монеталар 15-майда, Кыргыз улуттук көркөм музейинде аукциондо сатылат. Кыргызстандын улуттук валютасы - сом жүгүртүүгө 1993-жылы 10-майда киргизилген.

XS
SM
MD
LG