Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Үсөн Сыдыковдун жактоочулары эртең митинг өткөрмөк болушту


БИШКЕК. Үсөн Сыдыковдун № 33-Каракулжа шайлоо округундагы жактоочулары эртең Каракулжа жана Өзгөн райондорунун борборлорунда нааразылык митингдерин өткөрүшөт. Мындай маалымат бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдон алынды. Анын айтымында, Үсөн Сыдыковду шайлоонун экинчи туруна катыштыруу талабын коюп, өлкө башчысына, парламент мүчөлөрүнө, облустук администрацияга, Борбордук шайлоо комиссиясына жана ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө жолдогон кайрылуу бийликке таасир бербегенден кийин, алар массалык нааразылык акцияларын өткөрүүгө мажбур болушууда. Анткени Үсөн Сыдыковдун жактоочулары 5-майда жыйын куруп, анын талапкерлигин кайра калыбына келтирүү талабынан тышкары, «президент баштаган бийлик өкүлдөрү шайлоочулар менен келип жолугуп, маселени жеринде тынчтык жол менен чечсин» деп талап кылышкан. Эгер бул талаптары аткарылбаса, алар көпчүлүк катышкан нааразылык акцияларын өткөрүүгө мажбур болушаарын билдиришкен болчу. Каракулжа районунун акими Рашид Тажибаев ушул күнү «Азаттык» радиосуна Үсөн Сыдыковдун жактоочулары «эртең митинг өткөрөбүз» деп жатышкандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин, бирок, жалпы эл тынч маанайда экендигин билдирди. Ал бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдогон шайлоочулардын талабы жаңы эместигин, шайлоонун экинчи туру БШК белгилеген күнү өткөрүлөөрүн да кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG