Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Аксы районунда бир катар жыйындар өттү


БИШКЕК. 4, 5, 6-майда Аксы районунун Карасуу, Каражыгач, Жаңыжол жана Кызылтуу айылдарында 7 миңден ашуун киши катышкан жыйындар болду. Жыйындын катышуучулары Өзгөндүн Каратарык айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга көңүл айтып, каза болгондордун арбактарына багыштап куран окутушту. Андан тышкары, Аксы окуясында жабыркагандардын апелляциялык арыздарынын 14-майда Майлысуу шаарында кароо белгиленгени талкууланып, жыйындын катышуучулары арызды Кербен айылында кароону талап кылышты. Бул тууралуу бүгүн Аксы окуясында жабыркагандарды коргоо комитетинин мүчөсү Кубанычбек Маматкеримов кабарлады. Ал эми «Аксы энелеринин кыймылынын» жетекчиси Дилбар Момункулованын билдиргенине караганда, Аксыдагы жыйындарда Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаевге да колдоо көрсөтүлгөн. Жыйындардын катышуучулары, Качкын Булатовдун, Рыскелди Момбековдун жана Болот Тыналиевдин Р. Дырылдаевге каршы кадамдарын «бийлик менен биригип, комитеттин төрагасын жаманатты кылуу аракети» катары баалап, айыпташкан.

XS
SM
MD
LG