Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Үсөн Сыдыков билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн саясатчы Үсөн Сыдыков Каракулжа жана Өзгөн райондорундагы өз шайлоочуларына кайрылуу жолдоп, анда алар менен жолугуша албай тургандыгын билдирди. Үсөн Сыдыков буга талапкерлиги шайлоонун экинчи турунан сот аркылуу алынгандан кийин, шайлоочулары менен жолугушууга юридикалык жана моралдык укугу жоктугу башкы себеп экендигин кабарлады. Ошондой эле «шайлоо округуна барса, элдин көбү көтөрүлүп чыгаарын, анда «бөрк ал десе баш алган» айрым бийлик өкүлдөрү булганч иштерге барышы мүмкүн экендигин» эске салып, өзү үчүн эл тынчтыгы менен ынтымагын сактоо башкы маселе экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG