Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстандын вице-премьер-министри «Оштогу экономикалык форум ийгиликтүү болду» деп эсептейт


БИШКЕК. «6-майда Ош шаарында өткөн Борбор Азия экономикалык форуму регионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошот», - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, форумда регионалдык кызматташуу багытында чоң талкуу болду. Ал өзгөчө Өзбекстан чек арага орноткон тартиптерге байланыштуу болду. Форумдун катышуучулары Кыргызстандын экономикалык саясатын, анын эл аралык стандартка ылайык иштөө аракетин колдоого алган. Оштогу жыйынга региондо иштеген эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү, Улуу Британиянын эл аралык кызматташуу министри, АКШнын финансы министринин орун басары, 20га жакын мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Борбордук Азиядагы төрт мамлекеттин вице-премьер-министрлер жетектеген делегациялары катышкан. «Кыргызстан үчүн учурдагы эң башкы маселе - мамлекетти сапаттуу башкаруу. Бул багытта акыйкат башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар да форумда колдоого алынды», - деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG