Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Израилдин көз карандысыз мамлекет болгонуна бүгүн 55 жыл толду


Бул күнү Израиль армиясынын башчысы Моше Яалон жана премьер-министри Ариэл Шарон 31 айдан берки палестиналык козголоң боюнча оптимисттик маанайдагы билдирүү жасашты.
Анын аралыгында, палестиналык премьер-министр Махмуд Аббас жаңы тынчтык сүйлөшүүсү боюнча Израилдин сунушун четке какты. Израиль палестиналык качкындардын кайтып келүү укугун талкуулоодон баш тартууда.
Бүгүн Батыш Жээктеги жарылуудан исламчыл «Хамас» уюмунун кол башчысы набыт болду.
Кечээ Европа Биримдигинин тышкы иштер саясатын тейлеген Хавиер Солана ай соңунда Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык жыйын болоорун билдирген:

- Биз азыр тараптар менен чогуу иш алып барып, Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык жаңы планды ишке ашырууну каалайбыз. Биз ушул айдын аятында төртилтиктин жол-жоболору боюнча жыйын өткөрүшүбүз мүмкүн. Биз ал жыйынга камылгалуу барышыбыз керек.

Арачылардын төртилтигине Евробиримдик, Бириккен Улуттар уюму, Орусия жана АКШ кирет.

XS
SM
MD
LG