Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Укук коргоочу уюм өзбек өкмөтүн айыптады


Белгилүү эл аралык укук коргоочу уюм Өзбекстандын өкмөтүн Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын жыйыны өтүп жатканда репрессивдүү чараларды колдонгону үчүн күнөөлөдү.
«Хьюман Райтс Уотч» уюму Европалык банктын Ташкендеги жыйынын Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары бурмалап чагылдырганын жана диссиденттерге ыдык көрсөтүлгөнүн билдирди. Уюм ошондой эле президент Ислам Каримов Европалык банк менен макулдашкан убадасынан тайып, өз сөзүндө өзбек түрмөлөрүндөгү кыйноолорду айыптабаганын эске салды. Апта соңундагы жыйында Каримовдун сүйлөгөн сөзү мамлекеттик сыналгыдан көрсөтүлгөн эле.
Европалык банк жылдык жыйынын Өзбекстанда өткөргөнү үчүн кеңири сынга алдынууда. Бирок банктын президенти Жан Лемьер "жыйын Өзбекстандагы жарандык коомдо талкууга жол ачты" деп ырастады.
Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы 1991-жылы пост-коммунисттик өлкөлөргө базар экономикасына өтүү демократиялык жаңылануу менен коштолгон шартта карыз берип турушу үчүн түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG