Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

AКШ Кыргызстанда террордук чабуул коркунучу бар деп эскертти


"Өзбекстандын Исламдык кыймылы” сыяктуу экстремисттик уюмдар Кыргызстандагы америкалык жарандарга же алардын кызыкчылыктарына сокку урууну пландап жаткан болушу мүмкүн" деп айтылат Мамлекеттик департаменттин кечээ жарыялаган билдирүүсүндө. Мамдепартамент Өзбекстандын Исламдык кыймылын “ал-Каида” менен байланышы бар "террористтик уюм" деп эсептейт.
Мамдепартамент өткөн айда "бул кыймыл, Осама бин Ладендин “ал-Каида” уюму жана Чыгыш Түркстандын Исламдык кыймылы Өзбекстандагы мейманканаларга чабуул жасап, бул өлкөдөгү АКШнын кызыкчылыктарына залал келтирүүгө аракеттениши мүмкүн" деген эскертүү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG