Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

ИРАК БОЮНЧА ЖАҢЫ АМЕРИКАЛЫК ӨКҮЛ ДАЙЫНДАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 6-май күнү өзүнүн Ирактагы өкүлү кылып белгилүү дипломат Пол Бремерди дайындады. Бремер - Ирактын америкалык убактылуу башкаруучусу Жей Гарнер жана Ирак боюнча президенттин өкүлү болуп мурда дайындалган Залмай Хализаддан өйдө болот жана коргоо министри Доналд Рамсфелде түз жооп берет.

Пол Бремерди Ирак боюнча өзүнүн өкүлү кылып дайындаганда, президент Жорж Буш аны Америка Кошмо Штаттарынын эң мыкты жарандарынын бири деп атап, ал ишти жакшы билип, дайым ийгилике жеткен кызматкер экенин белгиледи. "Бремер абдан тажрыйбалуу, ар бир иштин көзүн билген адам жана дайым максатына жете алат. Бардык америкалыктар үчүн эмне баалуу болсо, ал үчүн дагы ошол нерсе баалуу. Биздин максатыбыз азыр Иракта ар бир карапайым жаран эңсегенине жете ала турган тартиптүү мамлекет түзүп, эркиндик менен тынчтык орнотуу".

Бирок Ирак боюнча президенттик өкүл болуп буга чейин Залмай Хализад иштеп келген жана согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирип, жаңы убактылуу өкмөт түзүлгөнчө Ирактын америкалык башкаруучусу болуп Жей Гарнер дайындалган. Гарнер өзү азыр мен бул кызматка убактылуу гана келгенмин жана Иракта жаңы америкалык жетекчи дайындалаарын мурда эле билгенмин деп айтууда.

Бирок эксперттердин пикиринде, Иракты кантип башкаруу боюнча АКШ менен башка дүйнөлүк мамлекеттер ортосунда гана эмес, америкалык жетекчиликтин өзүнүн ичинде да пикир келишпестиктер күчтүү. Өзгөчө Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик катчылык ортосунда Ирак согушу баштаалар алдында дагы, согуш учурунда жана эмгиче да араздашуулар болуп жатканы белгилүү. Ошондуктан Пол Бремердин дайындалышы - америкалык жетекчиликте мунаса табылганынын белгиси.

61 жаштагы Бремер Пентагон менен тыгыз байланышта иштеген дипломат катары белгилүү жана азыркы коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жакшы мамиледе. Мурда ал америкалык алты мамлекеттик катчынын жардамчысы болуп иштеген, 1980-жылдарда АКШнын Нидерланддагы элчиси болгон. Президент Роналд Рейгандын учурунда Бремер - терроризм маселелери боюнча атайын элчи болуп дайындалган, ал эми 1999-жылы - АКШнын Терроризм боюнча улуттук комиссиясын жетектеген. Андан соң Бремер мурдагы мамлекеттик катчы Генри Киссинжердин консультативдик фирмасынынын башкы деректири болгон, акыркы мезгилде болсо өз алдынча иш алып барган консультативдик компанияны башкарып келген. Пол Бремердин Иракка эмки аптада келээри күтүлүүдө.

Жей Гарнер болсо Ирактын убактылуу өкмөтүн түзүү аракеттерин улантууда жана май айынын аягында бул маселе боюнча өлкөнүн беш негизги уюмунун конференциясы өтөт. Ага - шийи мусулмандарынын Исламдык революциячыл жогорку ассамблеясынын, Ирактын улуттук ынтымак кыймылынын, Ахмад Чалаби башкарган Ирактын улуттук конгрессинин жана Жалал Талабани менен Масуд Барзани жетектеген эки күрт партиясынын жетекчилери катышат. Эксперттердин пикиринде, Барзани, Талабани жана Чалаби Ирактын убактылуу өкмөтүнө мүчө болуп кирээри күтүлүүдө.

Америкалык аскерлердин айтымында, Ирактын түндүгүндө ичинде химиялык лаборатория бар чоң машине табылды жана анын изи өлкөнүн мурдагы жетекчилиги өндүргөн кеңири кыргын салуучу куралга алып келиши мүмкүн. Австралиянын "Сидней морнинг гералд" гезити 7-май күнү жазып чыккан кабарга караганда, Иракка барган австралиялык аскерлердин колуна Саддам Хусейн тартылган видеотасма тийген. Кээ бир эксперттердин айтымында, ал видео - үстүбүздөгү аптада тартылган жана Саддамдын тирүү экенин далилдейт. Бирок бул маалымат текшерилип бүтө элек.

XS
SM
MD
LG