Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ДАБАСЫ ТАБЫЛБАГАН ДАРТТЫН КЕСЕПЕТИ


Азиза Турдуева, Бишкек Өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү илдетине байланыштуу жакында Казакстан Кытай менен болгон чек арасын жапты. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги да өкмөткө кыргыз-кытай чек арасын жабуу сунушу менен кайрылууда.

Соңку маалыматтар боюнча, азыр дүйнө жүзүндө өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү илдетине кабылгандардын саны 6583 адамды түзүп, анын ичинен 461 киши каза тапкан. Гонконг менен кошо санаганда, бул дартка чалдыккандардын 5197си Кытайдын, калгандары Сингапурдун, Тайвандын, Канаданын, Въетнамдын жана АКШнын жарандары.

Өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү илдетинен жабыркагандар кыргызстандыктардын арасында катталган жок. Бирок буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, алардын ичинде Кытайга туристтик же ишкердик сапарга чыгууну коё турууну өтүнгөн.

Кыргызстандын аймагында санитардык-тосмо пункттары Бишкектеги «Манас» эл аралык аба майданына, Оштогу аба майданына, Эркечтамга жана Торугартка коюлган. Ал эми өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, Үрүмчү-Бишкек багыты боюнча аба каттамы адаттагыдай эле аптасына эки ирет уланууда. Казакстан Кытай менен болгон жол жана аба каттамдарын токтоткондугуна байланыштуу “эми казакстандык соодагерлер Бээжинден Казакстанга Бишкек аркылуу катташат” деген кооптонуу да пайда болду.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргызстанга бул илдетти жолотпой турган кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу министрликтин мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө департаментинин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

- Чет өлкөлөрдөн келип, ушул оорулардын белгилери боло турган болсо, атайын жаткыза турган стационарларды даярдап, дары-дармектердин корун түзүп, бул оорулууларды алып жүрүүчү атайын унаа даярдадык. Андан тышкары, бүт медицина кызматкерлери, «Манас» аба майданынын бүт учкучтар курамы, аба майданынын тейлөө кызматындагы адамдардын баары үчүн ушул оору боюнча атайын курстарды уюштурдук.

Ал эми “Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-кытай чек арасын убактылуу жабуу маселесине кандай карайт?” - деген суроого министрликтин өкүлү мындайча жооп берди:

- Бүгүнкү күндө кыргызстандык ишкер адамдар Бээжиндин базарларына барып, соода кылып келип атышат. Ошондуктан, алар ооруну жугузуп келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги өкмөткө “кыргыз-кытай чек арасын убактылуу жабуу маселесин карап бергиле” деп атайын кат менен кайрылып жатат.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматында бул илдетке байланыштуу кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча анын бөлүм башчысы Аскар Төрөбаев мындай дейт:

- Биздин милдет - чек арада кирген-чыккан жарандардын документтерин текшерип өткөрүш. Санитардык врачтар менен бирдикте иштеп жатабыз. Биз чек арада коопсуздук иштеринин баарын жүргүзүп жатабыз.

Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, азыр Кыргызстанга чектеш жайгашкан Шинжаң уйгур автономиялуу районунда да өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү илдети катталды.
Жакында Бээжинде окуган кыргызстандык студенттер өз мекенине кайтышты. Атын атагысы келбеген алардын бирөө, Кыргызстандын чек арасында текшерүү кандай болуп атканы тууралуу айтып берди.

- Биз Бээжинден Үрүмчүгө, ал жерден Бишкекке учуп келдик, - деди ал. - Бээжинде аба майданында ар бир адамды жок эле дегенде 10-15 минут текшеришти. Ал эми Кыргызстанга келгенде - биз аябай таң калдык - болгону температурабызды эле текшеришти. Бизди бир нече саатка, ал тургай бир нече күнгө чейин текшерип кармашат го деп ойлогонбуз. Таң калыштуусу - бизди текшерип, бирок, Кытайдан биз менен кошо учуп келген Кытайдын жарандарын текшеришкен жок. Ошондуктан, менин оюмча, эгерде өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү оорусун жугузуп алган адамдар болсо, алар эч кандай кыйынчылыгы жок эле, биздин чек арадан өтүп кеткидей мүмкүнчүлүктөр бар экен. Ошондуктан, Кытай менен болгон чек араны убактылуу жаап койсо, туура болмок.

Чек ара кызматынан алынган маалыматка караганда, азырынча Кыргызстан менен Кытайдын, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны жабуу маселеси коюла элек.

XS
SM
MD
LG